07:50, 25 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Казакстанда президенттик шайлоону уюштурууга 23 млн доллар жумшалды

На русском
20:30, 8 кулжа 2019 119

Баракелде -  Казакстанда президенттик шайлоону уюштуруу үчүн 9,4 млрд (23 млн доллар) тенге жумшалды. Бул тууралуу БШКнын катчысы Сабила Мустафина эл аралык байкоочулар менен болгон жолугушууда билдирди.

Сабила Мустафина: «Өкмөт биздин сунуштун негизги бөлүгүн колдоду, бирок чыгашалар оптимизацияланды. Бул типография, материалдардын көлөмүнө байланыштуу. Аймактык шайлоо комиссияларында да оптимизация жүргүзүлдү», - деди.

Казакстанда президенттик шайлоо эртең, 9-июнда өтөт. Шайлоо алдындагы сурамжылоо боюнча, лидер — учурдагы президент Касым-Жомарт Токаев (72,7%).

-----------------------------------------------------------------------

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 9-апрелде республикалык телеканалдын эфири аркылуу өлкөдөгү президенттик шайлоону жарыялаган.

«Урматтуу мекендештер, бүгүн элге жана ар бириңиздерге маанилүү маалымат менен кайрылам. Конституцияга ылайык президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда 2019-жылдын 9-июнунда өткөрүү тууралуу чечим кабыл алдым», - деген президент.

-----------------------------------------------------------------------

2019-жылдын 20-мартында Астана шаарында жаңы президент Касым-Жомарт Токаевдин ант берген.

Ал эми 19-мартта кечинде отставкасын жарыялаган биринчи президент Нурсултан Назарбаев: «Токаев Казакстанды башкарууга ишенип бере турган адам экендигине ынанам», - деген.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком