03:10, 14 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Экс-президент А.Атамбаев: УКМКны реформалоо керек

На русском
14:37, 8 кулжа 2019 305
Алмазбек Атамбаев на митинге
Алмазбек Атамбаев на митинге

Баракелде -  Бүгүн, 8-июнда Бишкектеги «Медиа форум» имаратынын алдында КСДП партиясынын «Коррупция менен реалдуу күрөш үчүн» деген чакырыктагы митинги өттү. Анын жүрүшүндө мурунку президент Алмазбек Атамбаев УКМКны реформалоо керектигин айтты.

Ал эл алдында сүлөп жатып: «Улуттук коопсуздук комитети азыр улуттук коркунуч болуп баратат», - деди.

Экс-президенттин айтымында, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын УКМКдан чыгаруу керек.

«Реформаны аягына чейин чыгарбаганыма өкүнөм. Буга чейин УКМКда бир нече миң адам бизнести текшеришчү, мен жок дегенде 200дөй адам бизнести текшерсин деп УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын түзгөм. Бирок экинчи этап — Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын өкмөткө өткөрүп берүү керек болчу. Ушуга жетишпей калдым. Муну тез арада жасаоо керек», - деди ал.

А.Атамбаевдин айтымында, ал президент болуп иштеп жаткан учурда УКМКнын Оштогу башкармалыгынын жетекчилери толук маалымат беришкен эмес.

«Карагылачы, так маалымат бергендин ордуна, алар мага өздөрүнө керек маалыматты берип жүрүшүптүр. Жумасына минимум 3 доклад, Ош бажысындагы махинация, "Раим-миллион" жана башкалар тууралуу бир да сап жок.

УКМКны тез арада реформалоо керек. Бизге парламенттик республика керек», - деди ал.

Мурунку президент белгилегендей, Кыргызстан парламенттик республика болуп, аксакал президент жана жаш премьер болот деп сүйлөшүлгөн.

«Эки ай мурун бизде митинг өтүп, резолюция кабыл алдык. Маселе коюп, президент чара көрөт деп күтүп жаттык. Бирок тескерисинче болду», - деди ал.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком