07:48, 25 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Санкт-Петербургда Кыргызстандын үч жараны бычакталды

На русском
11:39, 8 кулжа 2019 173

Баракелде -  Россиянын Санкт-Петербург шаарында жергиликтүү тургун Кыргызстандын үч жаранын бычактап салды.

«Санкт-Петербургдун ведомостволору» басылмасы билдиргендей, полицияга жергиликтүү жашоочу кайрылган. Ал укук коргоо органдарына үйүнүн короосунан эркек кишилер мушташып, алардын биринин колунда бычак болгонун айткан.

Окуя болгон жерге полиция кызматкерлер барганда, жаңжал Санкт-Петербургдун жашоочусу менен кыргызстандык жарандардын ортосунда чыкканы белгилүү болгон. Ал эми санкт-петербургдук жашоочу 3 адамга бычак шилтегенге жетишкен. Ошондой эле ал жарандын буга чейин сот жообуна тартылганы аныкталган.

«Ооруканага жеткирилген мушташтын катышуучулары ар кандай жаракат алышкан. Ал эми окуянын чоо-жайын полиция териштирип жатат», - деп айтылат басылманын маалыматында.

Бул окуя боюнча ээнбаштык беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком