04:48, 19 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сүрөт: Абактагы «Дөө Чыңгыз» кандай шартта кармалууда?

На русском
11:31, 8 кулжа 2019 8622

Баракелде -  Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан «Дөө Чыңгыз» каймана аттуу Чыңгыз Жумагулов кандай шартта кармалып жатканы тууралуу айтып беришти.

Түзүмдүн басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, социалдык тармакка Чыңгыз Жумагуловдун эски сүрөтү тарап кеткен. Бир нече жыл мурун тартылган сүрөттөн Ч.Жумагулов түзөтүү абагындагы камерада отурганын көрүүгө болот.

«Учурда Чыңгыз Жумагулов Бишкектеги №47 түзөтүү абагындагы ооруканада дарыланып жатат. Ага аллергиялык дерматит (теринин сезгенүүсү) деген диагноз коюлган», - деп айтылат маалыматта.

------------------------------------------------------------------

4-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотуна «Дөө Чыңгыз» каймана аттуу Чыңгыз Жумагулов жеткирилген. Болжолдуу маалыматтар боюнча, ага карата тандалган баш коргоо чарасын узартуу маселеси каралган.

------------------------------------------------------------------

12-апрелде Биринчи май райондук соту уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган Чыңгыз Жумагуловго карата бөгөт коюу чарасын карап чыгып, №1 абакка 2 айга камоо чечимин чыгарган.

Буга чейин Криминалдык милициянын кызматкерлери 2 адамдын өлүмүнөн кийин изделип жаткан Чыңгыз Жумагуловду колго түшүргөн. Булактардын маалыматы боюнча, шектүү Бишкек шаарында кармалган.

------------------------------------------------------------------

10-апрелге караган түнү Бишкек шаарындагы ооруканага катуу сабалган 2 эркек адам түшүп, экөө тең көз жумган. Алардын өлүмүнө шектүү эки адам кармалып, үчүнчүсүнө издөө жарыяланганын ИИМдин басма сөз кызматы билдирген.

Бишкек шаарында 9-апрелде түндө Москва көчөсүндө жайгашкан «Камек» жеке клиникасынын алдына белгисиз жарандар оор абалдагы эки адамды таштап кетишкен. Алардын биринчиси — Таластагы Бакай-Ата районунда 1974-жылы туулган А.Ильяс мурда сот жообуна тартылып, ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турганы белгилүү болгон. Ал ооруканага жеткенден кийин эле көз жумган.

Экинчи адам — Бакай-Ата районунда 1983-жылы туулган А.Урмат дагы ооруканада каза болгон. Анын баш мээси чайкалып, баш сөөгү сынып, оор жаракат алган. Ал Чүйдөгү Аламүдүн районунда жашап жаткан.

Милициянын маалыматы боюнча, кылмыш жасалган күнү Сокулук районунун Кашка-Баш айылында каза болгон А.Урматка таандык «Ауди С6» үлгүсүндөгү унаа табылган. Унаада кандын тактары, «Макаров» үлгүсүндөгү тапанча, дүрбү, ошондой эле чөнтөк телефондор бар болгон.

Бишкек ШИИБдин Криминалдык милиция кызматы менен ИИМдин Тергөө кызматынын кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында бул оор кылмышка тиешеси бар адамдардын өздүгү такталган. Шектүү катары Чүй облусунун 1984-жылы туулган тургуну Т.М. менен 1981-жылы туулган А.И. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча, кармалган жарандар буга чейин бир нече жолу сот жообуна тартылган. Ошондой эле ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турат.

Үчүнчү шектүү — «Дөө Чыңгыз» каймана аты менен таанымал 1981-жылы туулган Жумагулов Чыңгыз Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Ичке-Суу айылында төрөлгөн. Ал бейбашчылык, адам өлтүрүүгө аракет кылуу, кылмыштуу топту уюштурууга катышуу, бийлик өкүлүнө карата күч колдонуу беренелери менен күнөөлүү деп табылып, жазасын өтөп жаткан. Үй камагына 2019-жылдын февраль айында чыкканы маалым болду.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком