18:52, 21 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Токмоктогу өткөрмө пунктта айдоочу чек арачыны согуп жиберген. Окуянын чоо-жайы

На русском
17:42, 7 кулжа 2019 146
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Чүй ОИИБ Токмок шаардык ички иштер башкармалыгы айдоочулар менен мушташкан чек арачылар суракка алынбаганы тууралуу маалыматты четке какты. Окуя 4-июнда «Токмок — унаа жолу» көзөмөл-өткөрмө пунктунда болгон.

ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, окуяга катышкан бардык адамдар милицияга жеткирилип, суракка алынган.

«4-июнда Токмок ШИИБге эркек адам чек арачыларга каршылык көрсөтүп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, саат 15:45 чамасында чек арачылар 28 жаштагы М.Б.нын башкаруусундагы унааны токтотушканын аныкташкан. Ал Кыргызстандын чек арасынан «Ауди-100» унаасы менен өтүп бара жаткан жана башчынын иш бөлмөсүнө чакырылган. М.Б. башчынын иш бөлмөсүндө агрессивдүү мамиле жасап, сөгүнгөн. Иш бөлмөдөн чыгып бара жатып анын иш-аракетин видеого тартып жаткан аскер кызматкери — 24 жаштагы А.А.нын телефонун жулуп алган. Анын кесепетинен уюлдук телефон талкаланган.

Ошондой эле ал аскер кызматкеринин ичине соккон. А.А. бул факт боюнча ШИИБге арыз менен кайрылган. Ал Жоруктар кодексиндеги 119-берене (майда бейбаштык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган. Ошол эле күнү окуяга катышкан бардык адамдар, анын ичинде аскер кызматкери жана М.Б. да суралган.

28 жаштагы М.Б.нын көрсөтмөсү боюнча, окуя болгон күнү чек арачылар токтотуп, күйүүчү майдын ар бир литри үчүн 1 сомдон талап кылышкан. Алардын ортосунда кайым айтышуу болуп, ал пункттун башчысынын иш бөлмөсүнө жеткирилген. Башчы Д.А. жана башкалар ага орой мамиле жасап, аны коркутушкан. Жыйынтыгында өзүн кармай албай калган.

Ал эми чек арачылар Казакстанга бара жаткан М.Б. документ көрсөтпөгөнүн билдиришкен. Пункттун башчысы аны түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн иш бөлмөсүнө чакырткан. Андан кийин жогорудагы окуя болгон», - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, бирок Чек ара кызматынын кызматкери чакырууга барган эмес. Ага экспертиза дайындалганы тууралуу токтом жөнөтүлдү. Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком