07:46, 25 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Орокто өспүрүм бала камактан бошогондон кийин жашоочулар чогулуп баштады, - өкмөттүн өкүлү

На русском
14:33, 7 кулжа 2019 286

Баракелде -  Сокулук районунун Орок айылында камактагы баланын бошотулушуна нааразы болгон адамдар чогулуп башташты. Бул тууралуу өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов «Азаттыктын» эфиринде билдирди.

Ал жаңжалдын себебин түшүндүрүп жатып: «3-4 жаш жигит бир нече жылдан бери бейбаштык кылып жүрүшүптүр. Жергиликтүү жашоочулар даттанып жатышат. РИИБдин башчысы менен сүйлөшкөндө ал жабырлануучулар тосмо арыз жазып берип жатышканын айтты. Ошондуктан иш кыскартылчу экен», - деди.

Бүгүн, 7-июнда АКИpress агенттигине Чүй облустук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, Сокулук районунун Орок айылындагы мушташтан кийин кармалган 15 жаштагы өспүрүм бала камактан бошотулду.

5-июнь күнү милиция кызматкерлери тарабынан мушташка катышкан эки жигит кармалган. Сот 15 жаштагы А.А.ны камактан бошотуп, ал эми 23 жаштагы А.К.ны 2 айга камакта калтырды.

Мушташтын кесепетинен 2 өспүрүм бала жаракат алып, Бишкектеги балдар ооруканасына жеткирилген. Учурда алар дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Орок айылындагы мушташтан кийин жашоочулар арасында жаңжал чыккан. Кийинчерээк жаңжал учурунда РИИБге жеткирилген адамдар камактан бошотулган болчу.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком