07:47, 25 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Ороктогу мушташтан кийин кармалган 15 жаштагы өспүрүм камактан бошотулду

На русском
13:54, 7 кулжа 2019 135
Орок айылы
Орок айылы

Баракелде -  Сокулук районунун Орок айылындагы мушташтан кийин кармалган 15 жаштагы өспүрүм бала камактан бошотулду. Бул тууралуу АКИpress агенттигине Чүй облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

5-июнь күнү милиция кызматкерлери тарабынан мушташка катышкан эки жигит кармалган. Сот 15 жаштагы А.А.ны камактан бошотуп, ал эми 23 жаштагы А.К.ны 2 айга камакта калтырды.

Мушташтын кесепетинен 2 өспүрүм бала жаракат алып, Бишкектеги балдар ооруканасына жеткирилген. Учурда алар дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Орок айылындагы мушташтан кийин жашоочулар арасында жаңжал чыккан. Кийинчерээк жаңжал учурунда РИИБге жеткирилген адамдар камактан бошотулган болчу.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком