16:22, 26 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Дааратканага ташталган Даткайым 2 жылдан бери балдар үйүндө багылып жатат

На русском
11:08, 9 кулжа 2019 2434

Баракелде -  Бишкектин Арча-Бешик конушунда көчөдөгү дааратканада төрөлгөн Даткайым учурда балдар үйүндө багылып жатат. Бул тууралуу 7-июндагы маалымат жыйында Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин үй-бүлөнү жана балдарды колдоо башкармалыгынын башчысы Самаган Асанов билдирди.

Анын айтымында, абал башкармалыктын көзөмөлүнө алынып, туугандары менен иштешип жатышат.

-------------------------------------------------------------------------

2017-жылдын 31-июлунда саат 10:00 чамасында Арча-Бешик конушунда барак тибиндеги үйдүн дааратканасында төрөлгөн ымыркай ошол жердеги жашоочулар тарабынан куткарылган. Ал бир нече күн оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатып, абалы жакшыргандан кийин балдар үйүнө которулган болчу.

Жергиликтүү тургун Нурзаттын айтымында, окуя саат 10:00 чамасында болгон.

«Саат 10:00 чамасында эшикке бир нече жолу чыгып караганда даараткананын эшиги жабык болчу. Бир нече мүнөттөн кийин кайра чыксам эшик ачылып калыптыр. Ичине киргенде жер кан болуп турганын көрүп, даараткананын чуңкурунан ымыркайдын ыйлаган үнүн уктум. Дароо сыртка чыгып, кошуналар менен жолдошумду чакырдым», - деген Нурзат.

Анын жолдошу Муратбек Мамырбаевдин айтымында, дароо кошуналарын чакырып, тез жардам жана милиция кызматына телефон чалган. Алгач милиция кызматкерлери, андан кийин дарыгерлер жеткенин кошумчалаган.

Ымыркай кызды дааратканадан 17 жаштагы Майрамбек уулу Нурзамат кол чырактын жарыгы менен таап, сыртка алып чыккан.

Мурат менен Нурзамат
1

«Менин бутумдан Мурат менен Бактияр байке кармап турушту. Алгач баланын колун көрүп, өзүмө карай тартканда ыйлап жиберди. Анын тирүү экенин билгенде барыбыз сүйүндүк», - деди Нурзамат.

Дарыгерлер жеткиче ошол жердеги аялдар телефон аркылуу маалымат алып, ымыркайды жуунтуп, киндигин кесишкен. Барак тибиндеги үйдүн жашоочулары белгилегендей, ал аймакта кош бойлуу аял жок болчу.

Ымыркай жеткирилген оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Гүлнара Жанабилованын айтымында, ымыркай жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, алгачкы күндөрү абалы оор болуп жаткан.

Ымыркай төрөлгөн даараткана
1

Ымыркайдын туугандары ага Асел деген ысым ыйгарышса, дарыгерлер Даткайым деп аташкан.

-------------------------------------------------------------------------

Кийинчерээк бул ишке шектелип Арча-Бешик конушунда убактылуу жашаган Б.Ж. кармалган. Ал Нарын облусунда 1995-жылы туулганы белгилүү болду.

Аталган факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 28-100-беренелери менен кылмыш иши козголуп, Ленин райондук соту 2018-жылдын мартында айыпталуучуну 2 жылга эркиндигинен ажыраткан.

Соттолуучунун көрсөтмөсү:

Жыпара Арча-Бешиктеги үйдү ижарага алып жашачу. Ал 2014-жылы күйөөгө чыгып, андан бир кыздуу болгон. Бирок 2015-жылы ал жолдошу менен ажырашып, 2016-жылы Кочкор айылында официант болуп иштеп жаткан учурда Кубат аттуу жигит менен таанышкан. Аны менен сүйлөшүп жүрүп, экөө эки жолго түшкөндөн кийин Жыпара Кубаттан боюнда бар экенин билген. Апасынан корккон соттолуучу курсагындагы баласын жакындарына айтпай, жашырып жүргөн.

«Кубатка телефон чалып, курсактагы баланы айтсам, "боюңдан алдыр" деп телефонду өчүрүп салган. 31-июлда дааратканага барып отурганда баланын башы чыгып, андан кийин ал тешикке түшүп кетти», - деди ал.

Баланы өлдү деп ойлогон Жыпара үйүнө барып жуунуп, кийимдерин алмаштырган. «Төрөгөндөн кийин шок болуп, бул окуяны эч кимге айткан эмесмин. Кылган ишим үчүн өкүнөм», - деген ал.

Шектүү кыз
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком