06:03, 26 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Ороктогу мушташтан жабыркаган 2 өспүрүмдүн абалы туруктуу

На русском
09:58, 6 кулжа 2019 162
Орок айылы
Орок айылы
// АКИpress

Баракелде -  Сокулук районунун Орок айылындагы мушташтан жабыркаган эки өспүрүм баланын абалы туруктуу. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жабыркагандардын бири — 2003-жылы туулган А.Т. баш сөөгүнөн жаракат алган, учурда нейрохирургия бөлүмүндө дарыланып жатат. Экинчи жабырлануучу — 2003-жылы туулган Ж.Р. баш сөөгүнөн, баш мээсинен жаракат алган. Ал бүгүн жандандыруу бөлүмүнөн бөлмөгө которулат. Өспүрүмдөр учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө.

---------------------------------------------------------------------

Кечээ, 5-июнда Орок айылында Айт намаздан кийин өспүрүмдөр мушташып, 2 бала Бишкек шаарындагы балдар ооруканасына жеткирилген.

Сокулук РИИБдин кызматкерлери тарабынан Орок айылындагы мушташтан кийин 2 шектүү жаран кармалган. Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, аталган факт Жазык кодексинин 266-беренеси (ээнбаштык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши уланып жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком