11:08, 19 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кыргызстандык жаш таэквондочулар Казакстандагы турнирден 2 алтын медаль алды

На русском
15:34, 4 кулжа 2019 159
Таэквондисты на турнире в Темиртау
Таэквондисты на турнире в Темиртау

Баракелде -  Кыргызстандык таэквондочулар Казакстанда өткөн жаш балдар арасындагы эл аралык турнирден 7 медаль алышты. Аталган турнир 1-2-июнда Казакстандын Темиртау шаарында өттү.

Жалпысынан медаль үчүн 350 спортчу күч сынады. Ал эми Кыргызстандан машыктыруучу Фарух Садыковдун жетекчилиги астында 7 спортчу катышып, баары медаль алды. Турнирдин жыйынтыгында кыргызстандык таэквондочулар 2 алтын, 2 күмүш жана 3 коло байгеге ээ болушту.

Кыргызстандык спортчулардын жыйынтыгы:

Алтын

40 килограммга чейин - Аделина Алимбекова (10-11 жаш)
40 килограммга чейин - Салижан Батырбеков (10-11 жаш)

Күмүш

28 килограммга чейин - Азиретали Мырзамамытов (8-9 жаш)
63 килограммга чейин - Самаган Сайназаров (15-16 жаш)

Коло

35 килограммга чейин - Дилборой Баймырзаева (10-11 жаш)
40 килограммга чейин - Эгемберди Абдилатов (10-11 жаш)
58 килограммга чейин - Дилмурод Төрөбаев (15-16 жаш).

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком