06:49, 26-апрель, 2024

Кыргызстанга 2000 тоннадан ашык күйүүчү жана майлоочу материалдар мыйзамсыз кирген

На русском
12:36, 4-июнь, 2019 1730

АКИpress -  Өлкөнүн аймагына күйүүчү жана майлоочу материалдар мыйзамсыз киргизилип келген. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүү иштери 31-майда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан мурда Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында Кыргызстандын аймагына Казакстандан темир жол аркылуу күйүүчү жана майлоочу материалдарды салык төлөбөй эле чийки газ конденсатынын компоненттери катары алып келип жаткан каналдар аныкталган. Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө «Кант» темир жол станциясынан эки цистерна, жалпы көлөмү 120 тонна болгон күйүүчү жана майлоочу материалдар табылды.

Бул кылмыш схемасын түзгөндөр Кыргызстандын аймагына 2000 тоннадан ашуун күйүүчү жана майлоочу материалдарды мыйзамсыз киргизген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

АКИpress'тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)

бир жаңылык950 сомСатып алуу
бир жыл3500 сомкатталуу?
Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек: info@akipress.org
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком