21:45, 13 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

7 айыл өкмөткө жаңы башчылар шайланат

На русском
20:32, 4 кулжа 2019 (Жаңыланды: 20:52, кулжа 10 2019) 161
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  30-31-май күндөрү Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин жаңы шайланган 127 депутаты биринчи сессиясын өткөрүшкөн. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамга ылайык, айыл өкмөт башчысын шайлоо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жаңы шайланган айылдык кеңештин биринчи сессиясы өткөн күндөн тарта 10 календардык күндөн кечиктирбестен дайындалат. Буга байланыштуу БШК жети айыл өкмөттүн башчысын шайлоо датасын бекитти.

Төмөнкү айыл өкмөттөргө жаңы башчы шайланат:

- Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айыл өкмөтү, Ноокат районунун Н.Исанов айыл өкмөтү;

- Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер, Бакыян, Бейшеке айыл өкмөттөрү;

- Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтү;

- Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айыл өкмөтү.

Кара-Кулжа, Ноокат, Кара-Буура, Аламүдүн жана Жумгал аймактык шайлоо комиссияларына мыйзамдарга ылайык шайлоо өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком