16:09, Бирдин айынын он жетиси, 2020
15:04, Бирдин айынын он жетиси, 202046 Бишкекте эки унаа кагышты
Учурда окулуп жатат
13:01, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (78 адам окуп жатат)
Блогер «Sydyman» камакка алынды
14:55, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (22 адам окуп жатат)
«Франкфурт жана Маяне» деген төрага адашканынын себебин айтты

300дөн ашык тарыхчынын эмгеги «Кыргыздар» китебинде

09:17, Бугу айынын жыйырма тогузу, 2019 140

Баракелде -  Кыргыз элинин байыркы доорлордон тартып азыркы күнгө чейинки тарыхы, үрп-адат, каада-салттары, санжыралары топтолгон жаңы китеп жарыкка чыкты. Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов менен Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев авторлук кылган китептин бет ачары Бишкекте өткөнүн парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргыздар» китебинин бет ачарында Президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев ушунча көп маалыматтарды топтоп жазып, аны китеп кылып чыгаруу өзгөчө эмгек болгонун белгиледи. Ошондой эле президент Сооронбай Жээнбековдун авторлорго болгон ыраазычылыгын жеткирип, Кеңеш Жусуповго президенттин энчилүү саатын тапшырды.

Ал эми Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров узак жылдык эмгекти камтыган улуу эмгек болуптур деген баасын берди.

Тарыхчы-окумуштуулардын айтымында, бул эмгек кыргыз элинин уңгулуу баалуулуктарын, ата мурасын, тарыхый эс тутумун өзүнө камтып турган энциклопедиялык эмгек болгон.

К.Иманалиевдин айтымында, мындан миң жыл мурун кыргыздар менен чектеш жашаган 14 улуттун ичинен кыргыздар гана элдүүлүгүн сактап, өз алдынча мамлекет болуп калган. Калган улуттар жиксиз жок болуп кетишкен. Эгер мындан 1,5 миң жыл мурун 20 улуттун жазуусу болсо, анын бири кыргыздар болгон. Мына ушундай уникалдуу тарыхы бар кыргыз элинин ар замандагы маалыматтары ушул китепке киргизилген.

Депутат Каныбек Иманалиевдин айтымы боюнча, бул китепте 300дөн ашык тарыхчылардын, санжырачылардын, элдик авторлордун эмгектери бар.

Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз дипломатиясынын өнүгүшүнө, адабияты менен маданиятынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевге «Тилекмат аке» алтын медалы тапшырылды. Буга чейин аталган медаль кыргыз дипломатиясынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири М.Иманалиевге, экс-президент Р.Отунбаевага, чет элдик элчилер М.Шаханов менен Метин Кылычка жана башка эл аралык кадыр-баркка ээ болгон белгилүү адамдарга тапшырылган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком