05:53, 14 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Айыл чарба министрине Т.Токтогазиевдин талапкерлиги эмне үчүн кабыл алынган жок?

На русском
11:16, 28 бугу айы 2019 1013
Тилек Токтогазиев
Тилек Токтогазиев

Баракелде -  Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 28-майда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин отурумунда эмне үчүн айыл чарба министри кызматына Тилек Токтогазиевдин талапкерлиги кабыл алынбаганын айтып берди.

Буга чейин депутат Алтынбек Сулайманов («Бир бол») тажрыйба керек экенин айтып, бирок жаш кадрларды тартуу керектигин белгилеген. Ал фракция айыр чарба министри кызматына Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин сунуштаганын эске салды.

Өкмөт башчы депутаттын пикирине кошулду. Анын айтымында, кээ бирде мамлекеттик кызматта тажрыйба жок болсо, жаштыкка гана таянуунун кереги жок.

«Кечээ биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Т.Токтогазиев менен сүйлөштү. Анда энергия бар, бирок тажрыйба керек», - деген премьер-министр Т.Токтогазиевди жаш адис катары тартууну көздөп жатышканын кошумчалады.

Эл өкүлү жаңы кадрларды тартуу керектигин белгиледи.

--------------------------------------------------------------------

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин жетекчилигине талапкер сунуштады. Бул кызматка Эркинбек Чодуевди көрсөткөнү Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинин бүгүн, 28-майдагы отурумунда белгилүү болду.

--------------------------------------------------------------------

Президент Сооронбай Жээнбеков Мурашев Нурбек Мурпазылжанович тууралуу жарлыкка 27-майда кол койгон. Буга чейин Н.Мурашев айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматынан бошотуу тууралуу арыз жазган болчу.

Ал эми бул кызматка 29 жаштагы Тилек Токтогазиев өзүнүн талапкерлигин алып чыккан.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком