04:51, 19 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

55,4 млн сомго оңдолуп жаткан филармониянын имараты. Видео

На русском
12:27, 27 бугу айы 2019 343

Баракелде -  Оңдоодон өтүп жаткан Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияны башкы директор Кыргызбай Осмонов бүгүн, 27-майда журналисттерге көрсөтүп чыкты. Анын айтымында, бул имарат пайдаланууга 1980-жылы берилген.

«Имараттын курулганына 40 жыл болуп калды. Улуу акындардын, артисттердин жолун улап эмгектенип келе жатабыз. Акыркы жолу филармония 2007-жылы оңдолуп, быйыл капиталдык оңдоо иштери жүрдү», - деди жетекчи.

Анын айтымында, оңдоо иштерине байланыштуу имарат ушул жылдын март айында жабылган. Ал эми бюджеттен 55 млн 420 миң сом бөлүнүп, оңдой турган ишкана тендер аркылуу тандалды. 13-июнда филармонияда ШКУнун гала-концерти өтөт.

К.Осмоновдун маалыматы боюнча, имараттын 5500 кв. метр аянты толугу менен оңдолуп, 1-кабаттан 5-кабатка чейин өрт коопсуздугун сактоочу жабдуулар орнотулду. 16 грим бөлмөсү да оңдолуп, фойедеги пардалар улуттук колоритте тандалган. Сыйлуу залдар оңдолуп, көрүүчүлөр отуруучу залдагы 1138 отургуч, ошондой эле үн жабдыктары жаңыртылды. Имаратта онлайн режимде иштей турган жалпы 36 камера бар.

Мурунку жылы жайында филармониянын имаратында өрт чыкканда «Камбаркан» классы күйүп кеткен. Учурда ал дагы толук оңдоодон өттү.

Директордун айтымында, учурда оңдоо иштеринин 95 пайызы бүтүп, толугу менен 1-июнга карата аяктоо пландалып жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком