16:35, 20 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Ар бир кадам өзгөчө көзөмөлгө алынган Синьцзян. Фоторепортаж

На русском
09:16, 27 бугу айы 2019 (Жаңыланды: 20:11, кулжа 02 2019) 899

Баракелде -  Кытай өлкөсү акыркы убактагы эң ири деп эсептелген «Бир алкак — бир жол» демилгесин ишке ашырууну улантууда. Бул долбоор Улуу Жибек жолунун Кытайдан тарта Европанын батышына чейинки аралыктагы кургак бөлүгүн камтыйт.

Демилгенин негизги милдети — сооданын көлөмүн көбөйтүү максатында тармактуу транспорттук-транзит инфраструктурасын түзүү. Кытай тарап долбоорду каржылоо үчүн жүздөгөн миллиард доллар каражат бөлөт.

Кытайдын батышындагы Синьцзян-Уйгур автономдуу району бул демилгеде негизги ролдо гана болбостон, бул алкактын жүрөгү деп атоого болот.

Синьцзян — жаңы Жибек жолунун жүрөгү

Кытайдын бийлиги терроризм менен диний экстремизмдин жайылышына байланыштуу 2015-2016-жылдары кабыл алынган коопсуздук чараларын атоо менен Батыштын бардык айыптоолорун жокко чыгарат.

Кытайдагы калкка болгон көзөмөлдүн жогорулашын Кытай тарап «Бир алкак — бир жол» демилгесин ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн аймактагы туруктуулукту сактоо маанилүүлүгү менен түшүндүрөт.

Акыркы жылдары Синьцзян-Уйгур району инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга миллиарддаган каражат алуу менен заманбап унаа жолдордун тармагы курулуп, темир жол өлкөнүн батышына — Кашкарга чейин жетип, Такла-Макан кумдуу чөлүндөгү жүздөгөн гектар жерде мөмө-жемиш өстүрүү аракеттери уланып жатат.

Борбордук бийликтин ою боюнча, бул чаралардын бардыгы тынч аймак катары жаңы Жибек жолунун борбордук бөлүгү болуу менен миллиарддаган инвестиция тартышы керек.

Мындан Кыргызстанга кандай пайда?

«Бир алкак» долбоорунун алкагында Кытай менен Казастандын чек арасындагы «Хоргос» долбоорун мисал кылууга болот. Казакстанда ири деп эсептелген жана көптөгөн миллион сомдук товар жүгүртүлгөн бул хаб аркылуу Кыргызстанга Кытайдан алынып келген товардын негизги бөлүгү өтөт.

Пекиндеги «Бир алкак — бир жол» форумуна кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков да катышкан.

Ал эми Кытай Кыргызстан үчүн учурдагы соода тармагындагы ири өнөктөш жана насыя берүүчү болуп калды.

28 ай

Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун жана Үрүмчүнүн аймагына кирген эс алуучу (турист) Азиянын башка шаарларынан айырмачылыктарды дароо эле байкайт. Өзгөчөлүктөр — көчөлөрдөгү видео аркылуу байкоо жүргүзүүчү камералардын көптүгү жана жолду бойлой тигилген миллиондогон көчөттөр.

Туруктуулук жана коопсуздук. Бул сөздөр учурда Кытайдын батышы үчүн өтө маанилүү болуп калды.

90-жылдардын аягынан тарта аймакта этникалар аралык кагылышуулар тутанып, акыркысы Синьцзянда 2016-жылдын декабрь айында болгон. Аймактагы зомбулуктун бардык хронологиясы Үрүмчүдөгү тематикалык ачык көргөзмөдө «Синьцзян-Уйгур автономдуу районундагы элге карата ири зомбулук жана террордук окуялар» деген аталышта көрсөтүлдү.

Жыйынтыктоочу бөлүгүндө телеэкран аркылуу коопсуздук үчүн кабыл алынган чаралар жөнүндө айтылып, «28 ай өттү. Зомбулуксуз 28 ай» деген сөздөр менен жыйынтыкталган.

Бул сандар менен Кытай терроризм жана диний экстремизм менен күрөшүү методунун эффективдүүлүгүн дүйнөгө көрсөткүсү келет.

«2014-жылдан тарта Синьцзянда бандит жана террорчулардын 1588 тобу жок кылынып, 12 995 террорчу камакка алынып, 2052 даана жарылуучу зат табылган жана 30 645 адам жазага тартылып, 345 229 даана мыйзамсыз диний материалдар конфискацияланган.

Биздин дерадикализация жана терроризм менен күрөшүүдөгү аракетибиз Синьцзяндагы бардык этникалык топтордогу адамдардын коопсуздугун сактоодогу күтүлгөн жыйынтыкты актай турган акыйкаттуу себеп болуп эсептелет. Мунун арты менен социалдык гармония жана туруктуулукту сактап калдык».

------------------------------------

Мындан бир нече жыл мурун, «Бир алкак — бир жол» демилгеси жарыяланганда борбордук бийлик Синцзяндын жетекчилигин алмаштырган. Коопсуздукту камсыздоо боюнча тапшырманын негизги аткаруучусу катары Чэнь Цюаньгуону (Синьцзян-Уйгур автономдуу районунда партком катчысы) аташат.

Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтарга таянсак, акыркы 4-5 жыл ичинде бул аймакта полициянын саны жергиликтүүлөрдөн жаңы жалданган 90 миңден ашык кызматкерлердин эсебинен кескин жогорулаган. Алар полициянын жардамчысы катары эсептелет.

Үрүмчүдө 2015-жылдан кийин пайда болгон полициялык участкалар 2,5 миңден ашат. Алар бири-биринен 200-500 метр гана аралыкта жайгашып, зарыл болгон учурда керектүү жерге тез жетүүнү камсыздайт. Ал эми участоктордун бардыгында видеобайкоонун кеңири базасы бар. Бардык унаа жолдор менен кесилиштердеги камералар кыймылдын ар бир катышуучусун түшүрүп калса, фотокамералар күн-түн иштеп турат. Бардык жерлердеги: тротуарларда, адамдар көп болуучу объекттерде, дүкөндөрдө, социалдык мекемелерде жана башка жерлердеги камералардан жашынуу мүмкүн эмес.

Металлодетекторлор, көзөмөл системалары да имараттарда, ири турак жай комплекстеринде, дүкөндөрдө, мечиттерде жана адамдар көп болуучу аялдама, базар, автобекеттер сыяктуу жерлерде орнотулган. Ал эми жарандар полиция менен коопсуздук кызматынын кызматкерлерине өздүгүн аныктаган документтерин көрсөтүшү керек.

Аймактагы кирүү пункттарынын дээрлик бардыгы айдоочулар менен унаалардын номурун сүрөт жана видеофиксациялоочу система менен жабдылып, жарылуучу заттар бар унаалар көзөмөл пункттан өтө албайт. Мындай учурда пландалган зыян минималдуу болот. Ошондой эле бул аймактагы унааларга күйүүчү май куюучу станциялар коопсуздук жабдуулары менен жабдылган.

Ошондой эле укук коргоочу уюмдар жарандарды мобилдик түзүлүштөр аркылуу көзөмөлдөө тууралуу айтышкан. Полиция көзөмөл пункттардан өткөн жарандардын телефонун текшере алат. Полициянын пикиринде, мындай абада көчө кылмышы азаят.


Легерлер. Окутуубу же кайра тарбиялообу?

China’s power чакырыгы жазылган кийим кийген жаш жигит башкалар менен бирге күзгүлөр жана бүтүндөй дубалды ээлеген мультимедиалык экран бар залда бийлеп жатты. Бул учурда кошуна бөлмөдө 30 кыз-жигит дептерлерине иероглиф жазып жатышкан. Ал эми кошуна жайгашкан имаратта эркектер жемиш бактарын кыркууну үйрөнүшөт. Бул Аксу округунун Вэньсу уездиндеги «Кесиптик окуу борбору».

Мындай борборлор батыш жана орус тилдүү окурмандарга башка ат — кайра тарбиялоочу лагерь (internment camps) деген ат менен таанымал. Алар Батыш өлкөлөрүндөгү уйгур диаспораларынын ар кандай пикет жана митингдерине себеп болду. Укук коргоочулардын уюмунун отчетторунда аталган лагерлер улуттук азчылыктын, айрыкча уйгур улутунун жүз миңдеген өкүлдөрү кармалган түрмөнү элестетет. Алардын ал жерге түшүүсүнүн негизги себеби — идеологияга макул болбоо, ислам динин айтуу жана улуттук биримдикти жок кылуу.

Лагерлердин айынан акыркы жылдары Кытай Батыштын катуу сынына кабылды, бирок бийлик адам укуктары бузулганын четке кагып келет. Мындай расмий борборлор Синьцзян-Уйгур автоном районунда ондоп саналат. Бирок ал жердеги жарандардын так саны тууралуу эч жерде айтылбайт.

Расмий Пекин сынга өтө тактык менен мамиле жасап, ЖМК жана саясатчыларды оңдоп, бул жайлар тарбиялоочу лагерь эмес, кесиптик окуу борборлору экенин айтат. Бирок бул жайлар жалпыга маалымдоо каражаттарына жана дипломаттарга үстүбүздөгү жылдын башында биринчи жолу эшигин ачты. Иш сапарлар регламент менен жана белгиленген борборлордо гана өтөт.

«Кесиптик-техникалык окуу борборлорунун ролу — жарандарды ар кандай адистиктерге окутуу. Анын арты менен майда мыйзам бузгандар кошумча билим жана тажрыйба топтоп, ал жумушка орношууга же өзүнүн эмгеги менен акча табууга мүмкүнчүлүк берет».

«Терроризм жана экстремизм менен көрөшүү, Синьцзяндагы адамдардын укугун коргоо» макаласынан үзүндү


Айнур

26 жаштагы уйгур кызы Айнурдун окуясы Вэньсудагы башка жаштардыкына абдан окшош. Анын айтымында, бул жерге 2018-жылы май айында өз эрки менен келген.

«Интернеттен жана экстремизмди пропагандалаган китептерден ар кандай маалымат окудум. Хандар (эл) мусулмандар менен сүйлөшүүгө болбогон башка диндеги адам деп ойлогом. Ылайыктуу кийиндим — бүтүндөй денени жапкан кара кийим...

Учурда мыйзамды, мамлекеттик тилди үйрөнүп жатам. Сынактарды тапшыргандан кийин улуттук кийимдерди тиккенди үйрөнөм. Бир нече айдан кийин чыгам».

Ал жердеги шарт тууралуу суроого ишенимдүү түрдө жакындары менен каалаган учурда байланышарын айтты. Акыркы жолу ата-энеси менен сүйлөшкөн. Ал эми мектептен жумасына 3 күн — жумадан баштап дүйшөмбүгө чейин кетсе болот.

Курмет

27 жаштагы Курмет Аксу уездинин Комсомол айылынан келген. Китепканада классташтары менен бирге отурат, колунда география боюнча китеп — түндүк Синьцзяндын картасы бар барак ачылуу. Анын айтымында, бир жолу радикалдык исламдардын таасири астында калып, алардын окуяларын, диний үгүттөөлөрүн угуп, алар жөнөткөн видеороликтерди көргөн. Хандарды (хань эли) каапыр — башка диндеги адам деп эсептеген. Айылдык парткомитеттин баарлашуусуна барганга чейин бул көрүнүш уланган. Ал Кытайдын тарыхы жана региондо жашаган элдин кызматташтыгы тууралуу көп нерсе билбей турганын мойнуна алган. Парткомитеттин кеңеши менен ал мыйзамды жана мамлекеттик тилди үйрөнүүнү чечкен.

Курмет суроолорго ишенимдүү жооп берди. Окууда жаман эч нерсе көрбөгөнүн, окуу ага жакшы жумуш табууга мүмкүнчүлүк берерин айтат.

Лагерге карата эң негизги сын ал жердеги шарттарга айтылган. Айнур да, Курмет да шарттарга нааразычылык билдиришкен жок. Муну менен катар эле алар суроолорго жооп берип жатып лагерде диний ырым-жырымдар жасалбай, айрыкча намаз окулбай турганын белгилешти.

Абдували

23 жаштагы Минавар үчүн жашоосундагы өзгөчө күн болду, ал дүйнө жүзүнөн келген журналисттердин чоң тобун тосуп алды. Жолдошу Абдували журналисттер менен маектешкенге чейин ал конокторго чай сунуштап жүрдү.

Абдували 25 жашта, 3 ай мурун Кесиптик окуу борборун аяктады. Ал бул жайга башкалар сыяктуу эле жумушсуздук, радикалдардын таасиринен улам түшкөн. Борбордо өткөн 8 айдын ичинде бут кийим тигүүнү үйрөнүп, эми фабрикада иштеп жатат. Мамлекет ага социалдык айылдан турак жай бөлүп берген. Ал турак жайдын акчасын мамлекетке төлөп берүү үчүн жакынкы жылдары 50 миң юань иштеп табышы керек. Ал эми калган 100 миң юанды төлөп берди.

Абдували жашоосу түп тамырынан өзгөргөнүнө кубанычта. Ал мыйзамды, кытай тилин үйрөнүп, жумуш тапты. Жубайы да тигүү фабрикасына жумушка орношту. 2 жаштагы кызы Алия жакында бала бакчага барып баштайт.

Кесиптик окуу борборлорунда окуп жаткандар жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда маектешкен.

Кыргыздар барбы?

Ар кандай маалыматтар боюнча Синьцзянда 120 миңден 150 миңге чейин этникалык кыргыз бар. Алардын көбү Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунда жашайт. Күзүндө Кыргызстанда коомчулуктун өкүлдөрү бийликтен тарбиялоочу лагерлерде этникалык кыргыздар кармалып же кармалбаганын аныктоону талап кылган болчу.

Министр Чыңгыз Айдарбеков Үрүмчүдө Синьцзян-Уйгур автоном районунун өкмөтүнүн төрагасы Шохрат Закир жана Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун губернатору Дилшат Кыдыркан менен жолукканга чейин кылдат жооп берди.

«Аталган борборлордо этникалык кыргыздар бар экени тууралуу маалымат тастыкталган жок», - деп билдирген 23-февралда Тышкы иштер министрлиги.

АКИpress агенттигинин кабарчысы Вэньсу уездинди жана Хотан аймагындагы окуу борборлорунда этникалык кыргыздар бар экенин күбөлөндүргөн маалымат ала алган жок. Респонденттер тиешелүү суроолорго тайсалдап жооп беришти.

Кытайдын Бишкектеги элчилиги чындыгында этникалык кыргыздар аталган борборлордо болгонун, бирок аз эле санда экенин жана алар окууну бүтүргөнүн тастыктаган. Бүгүнкү күндө аталган борборлордо кыргыздар жок.

Веньсудагы кесиптик окуу борбору

Моюйдагы кесиптик окуу борбору

Экспортко тажрыйба

Синьцзян-Уйгур автоном районунда өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгын көргөн Кытайдын бийлиги дээрлик бүтүндөй өлкөдө видеобайкоо түйүндөрүн жайылтуу боюнча планды айтты. Мисалы, жалпыга маалымдоо каражаттары Кытай 2020-жылы камералардын санын 600 даанага жеткирүүнү көздөп жатканын жазышты. Бул коопсуздук чараларын ишке ашырууга тартылган кытайлык компаниялар тажрыйбаны чет өлкөлөрдө жасашкан.

Алардын ичинен эң ириси — мамлекеттик China National Electronics Import & Export Corporation (CEIEC). Компания Түштүк Америкадагы бир нече өлкөдө, Африка жана КМШ өлкөлөрүндө долбоорлорго катышып жатат.

Эки ай мурун АКИpress агенттигине Кыргызстандын Ички иштер министрлиги жана CEIEC компаниясы санариптик технологиянын негизинде коомдук жана жол коопсуздугун камсыздоо боюнча кызматташууга даярданып жатканы маалым болгон.

Долбоордогу келишим боюнча, кыргыз тарап командалык борбордун курулушуна жана оңдоо иштерине, перифериялык жабдыктарды орнотууга жооптуу. Кытай тарап жабдыктарга, монтаж жана тууралоо, консультативдик кызматтарды көрсөтүүгө жооптуу. Видео байкоо системасынын тышкары адамдын жүзүн таануу системасын киргизүү болжолдонууда.

Эмне үчүн бул тууралуу билүү маанилүү?

Азырынча аталган көзөмөл системасы кайсы максатта колдонулат жана кантип иштей турганы белгисиз. ИИМ купуя экенин айтып, келишим тууралуу толук маалымат берген жок. Албетте, система кытай тарапка жеткиликтүү болобу деген суроо жаралат.

Кыргызстанда акыркы жылдары уйгур сепаратисттер катышкан (тергөө алардын катыштыгын аныктаган) кылмыштар катталып, окуялар болду.

- 2002-жыл, июнь — Бишкекте Кытайдын консулу жана айдоочусу өлтүрүлгөн;

- 2002-жыл, декабрь — «Дордой» базарындагы 9 адамдын өмүрүн алган жардыруу;

- 2003-жыл, март — Бишкек—Нарын—Торугарт жолунда ишкерлердин өлтүрүлүшү, Кытайдын 18 жараны, Кыргызстандын 3 жараны каза болгон;

- 2014-жыл, январь — «Пикертык» пунктундагы 11 жаранды жок кылуу, алар Кытайдын чек арасы аркылуу өтүп, кыргызстандык токойчуну өлтүрүшкөн;

- 2016-жыл, май — Стамбул шаарындагы аэропортто Синьцзяндан келген 98 уйгур Кыргызстандын жасалма паспорту менен кармалган, алар Сауд Арабияга учууга аракет кылышкан;

- 2016-жыл, август — Китайдын Бишкектеги элчилигиндеги жардыруу, терактты жасаган адам каза болгон.

Стратегиялык коңшулук

Кен байлыктар жайгашкан аймак (Синьцзян-Уйгур автоном районунда Кытайда өндүрүлгөн нефтинин маанилүү бөлүгү жайгашкан) тууралуу сөз болсо коопсуздук үстөмдүк кылып баштайт. Регион аскердик-саясий план боюнча да стратегиялык болуп саналат. Синьцзян-Уйгур автоном району 8 өлкө менен чектешет, алардын үчөөндө ядердик курал бар. Ошондуктан бул жерде Кытайдын армиясынын көп күчү топтолгон.

Синьцзян — жаңы Жибек жолу үчүн кургактагы башкы дарбаза жана эмне үчүн Кытай бардык күчүн коопсуздукка жумшап жатканы түшүнүктүү. Бийлик жергиликтүү калктын маданияты жана каада-салтын сактоо үчүн бардын чаралар көрүлүп жатканын айтат.

Кыргызстан тарыхый жана географиялык жактан кудуреттүү коңшу. Кытайдын экономикасы катуу ылдамдыкта өсүп жатат. Экономисттердин божомолу боюнча, Кытайдын экономикасы 21-кылымдагы эң күчтүү экономика болот. Муну менен катар эле Кытай «Бир алкак — бир жол» демилгесин илгерилетүү үчүн мүчө мамлекеттерге насыя берүүгө даяр.

Бул толкунда Кыргызстан өнөктөштүктүн эки пайдалуу формасын таап, бул коңшулукта эң көп пайда алууга, достук мамилени бекемдөөгө аракет жасашы керек.

АКИpress Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилигине Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна иш сапар уюштурганы үчүн ыраазычылык билдирет.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком