11:14, 19 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

29 жаштагы ишкер айыл чарба министри кызматына талапкерлигин койгонун жарыялады

16:00, 25 бугу айы 2019 1412

Баракелде -  Команда түзүү менен Айыл чарба министрлигине жакшы реформа киргизип, аны мыкты деңгээлге чыгарууга даярбыз. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда АКИpress агенттигиндеги маалымат жыйына 29 жаштагы Тилек Токтогазиев билдирип, айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрине талапкерлигин койгонун жарыялады.

Анын айтымында, ал 7 жылдан ашуун айыл чарба тармагында эмгектенип келет. Ошондой эле анын командасы эл аралык компаниялардын мыкты адистерин Кыргызстанга алып келип, дыйкандарга айыл чарба жаатында билим берип, технологияларды таркатып жүрөт.

«Талапкерлигимди койгондон кийин элден колдоо аларымды күткөн эмесмин. Азыркы убакта айыл чарбадагы эң негизги көйгөй дыйкандардын чыгымга учурап калышы. Баарыбызга белгилүү болгондой былтыр бир топ дыйкандар картошкаларын сата албай калышты. Бул жылы андай көйгөй болбошу үчүн аракет кылганга даярбыз.

Министрликтин ичинде жакшы реформа, жаңы технология киргизели деп жатабыз. Жумушчулар ар бир саатты пайдалуу өткөргөнгө көңүл бурабыз. Эн негизги нерсе Кыргызстандан өндүрүлгөн продукциялар «Нестле» аталышындагы брендде дүйнөгө сатылышы үчүн «Нестле» эл аралык компаниясы менен келишим түзүп, бул жакта заводдорду ачалы деген ойлорубуз бар», - деди ал.

Ошондой эле Тилек Токтогазиев Кыргызстанга каржылоо инвестициясын тартуу иштери боюнча даярданып жаткандыгын билдирди.

«Биз инвестициялык компаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнбүз. Андан тышкары чет өлкөлүк окуу жайлар менен сүйлөшүп, биздин адистерди чет өлкөгө окутууга жиберүүгө даярбыз. Реформаларды жүргүзүүгө бизге күчтүү команда керек. Күчтүү адистерди командама кошконго кадамымды жасайм. «Бай дыйкан — бай өлкө» аталыштагы программам бар. Биз жаңыланууну кааласак, жаңы кадамдар менен жаңы ишти башташыбыз керек. Кыргызстанды Борбордук Азияда жаңы технологиялардын борбору кылганга мүмкүнчүлүк бар», - деди ал.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком