03:50, 20 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кыргызстандык балбан кыздар Италиядагы мелдештен байгесиз кайтат

На русском
15:55, 25 бугу айы 2019 189
Айсулуу Тыныбекова
Айсулуу Тыныбекова

Баракелде -  Кыргызстандын эркин күрөш боюнча кыз-келиндер курама командасы Италиядагы эл аралык мелдеште байге алган жок. «Memorial Matteo Pellicone» турнири Сассари шаарында өтүп жатат.

Мелдештин экинчи күнүндө — 24-майда кыз-келиндер арасында 10 топтом медаль ойнотулду. Ал эми Кыргызстандын делегациясына 3 спортчу кыз кирип, машыктыруучу Нурбек Изабеков жетектеп кеткен.

Айсулуу Тыныбекова 62 килограммга чейинки салмак даражадагылар арасында күч сынап, 1/4 финалда 30 жаштагы швециялык Йохан Маттссондон жеңилип, беттештен четтеди. Ошондой эле Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы да бул турнирде медаль алышкан жок. Жуманазарованын атаандашы финалга чыгып, бирок жубатуучу турнирде кыргызстандык балбан кыз белоруссиялык спортчудан жеңилип калды.

Жыйынтык:

62 кг чеийн, жалпы 15 катышуучу

1/8 финал

Айсулуу Тыныбекова — Вероника Иванова (Беларусь) — 6:3

1/4 финал

Айсулуу Тыныбекова — Малин Йоханна Маттссон (Швеция) — 5:6

68 кг чейин, 10 катышуучу

1/8 финал

Сара Да Коль (Италия) — Мээрим Жуманазарова — 1:10

72 кг чейин, 17 катышуучу

1/8 финал

Айпери Медет кызы — Элмира Сыздыкова (Казакстан) — 0:2

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком