11:07, 16 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкекте мыйзамсыз соода жана контрафакт маселелери талкууланды

21:05, 25 бугу айы 2019 89

Баракелде -  Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков «Жаштар контрафактка каршы. Мыйзамсыз соода жана ага байланыштуу көрүнүштөргө карата мамиле» темасындагы эксперттердин жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Мамлекеттик бажы кызматынын, Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын, Казакстан Республикасынын соттор кеңешинин, Евразиялык экономикалык союзунун сотунун, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттык корпусунун өкүлдөрү да катышты.

«Жыйында "Жаштар бренди. Беларусь жаштарынын контрафакттык продукцияга жана мыйзамсыз соодага болгон мамилеси" аталышындагы республикалык социологиялык изилдөөнүн жыйынтыктары каралды. Мындан сырткары контрафакттын коркунучу, белгилүү бренддердин жасалмалуулугу, интеллектуалдык менчиктин укуктук корголуусу, сапатсыз медициналык жасалгалоолордун жана дары-дармектердин ден соолукка болгон коркунучу деген маселелер көтөрүлдү», - деп айтылат маалыматта.

Отурумдун соңунда катышуучулар Евразия экономикалык союзунун мүчө өлкөлөрүнүн тийиштүү мамлекеттик органдарына жана коомдук түзүмдөрүнө төмөндөгү иштерди улантуу керек деген чечим менен кайрылышты:

- продукцияларды жана кызматтарды стандартизациялап, техникалык талаптарды иштеп чыгып жана аларды иш жүзүнө ашыруу;

- продукциянын сапатын текшерүү боюнча жеке кайрылууларды тийиштүү мамалекеттик органдар менен биргеликте мониторинг жүргүзүп, аларды массалык маалымат каражаттары жана социалдык тармактар аркылуу элге жайылтуу;

- интеллектуалдык менчикти коргоодо анын принциптеринин бузулушун жана анын себептерин аныктоо боюнча болочок эксперттерди даярдоо үчүн даректүү окутуу мекемелерин түзүү;

- ЕАЭБ мамлекеттеринде улуттук бренддерди алдыга чыгаруу боюнча бирдиктүү ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн биргеликте социологиялык изилдөөлөрдү уюштуруп, анын негизинде өндүрүшчүлөрдүн жана белгилүү брендтердин продукцияларынын жана товарларынын популярдуулугун аныктоо.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком