16:36, 20 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Алмазбек Атамбаев КСДПнын төрагасы кызматынан кетти

На русском
14:05, 25 бугу айы 2019 959
Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

Баракелде -  Мурунку президент Алмазбек Атамбаев КСДП партиясынын төрагасы кызматынан кетип, партиянын катарынан чыкты. Мындай чечим саясий кеңештин бүгүн, 25-майдагы отурумунда маалым болгон.

Партиянын басма сөз кызматынын билдирүүсүндө: «2019-жылдын 15-майында кол коюлган «Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам күчүнө кире турганына байланыштуу А.Атамбаев КСДПнын төрагасы кызматынан кетти», - деп айтылат.

КСДПнын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп Асел Кодуранова бекитилди. Партиянын маалыматы боюнча, Фарид Ниязов КСДПнын 18-съездиндеги чечимге ылайык, саясий кеңештин жана кеңештин алдындагы туруктуу комитетке кирди.

----------------------------------------------

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы 16-майда билдирген.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 4-апрелинде жактырылган болчу. Ал 2010-жылдын 27-июнундагы референдумда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү максатында кабыл алынган.

«Жогорку соттун Конституциялык палатасы 2018-жылдын 3-октябрында «Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 12-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ ишти карап чыккан. Талаш болуп жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ экс-президентти Кыргыз Республикасынын президентинин ыйгарым укуктарын аткарып турган мезгилде жасаган жосундары үчүн жоопкерчиликке тартуу жол-жобосун караштырбаган даражада карама-каршы келет деген чечим чыгарган. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет», - деп айтылат билдирүүдө.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком