00:08, 22 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сойкулуктун жаңы түрү: Нуриза интернет аркылуу интим кызматын көрсөтүп жүргөн

На русском
15:32, 25 бугу айы 2019 3148
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Бишкектин Биринчи май райондук соту Айбек (аты өзгөртүлдү) жана Нуризага (аты өзгөртүлдү) карата козголгон кылмыш иш боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Айбек порнографиялык продукцияларды таратып, веб-студия уюштурган. Андан кийин бөлмөгө эки кишилик керебет алып келип, анын бет маңдайына компьютерди монитор, веб-камера, колонка, клавиатура жана системалык блогу менен кошо орноткон. Ал веб-модель болуп иштей турган кыздарды топтоп, алар веб-камеранын жардамы менен чет элдик жарандарга интимдик кызмат көрсөтүп келишкен. Ал эми Нуриза веб-модель болуп иштеп, башка кыздар сыяктуу эле камера аркылуу интимдик кызмат көрсөткөн.

Сот отурумунда айыпталуучулар күнөөсүн толугу менен моюнуна алып, ишти соттук териштирүүсүз кароону суранышты.

Жыйынтыгында сот Айбек менен Нуризаны күнөөлүү деп таап, экөөнө 30 миң сомдон айып салды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком