06:03, 26 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Коопсуз шаар»: Бишкектеги камералардын бири жол оңдоо иштеринен улам иштебей жатат

На русском
10:00, 25 бугу айы 2019 141
«Коопсуз шаар» долбоору
«Коопсуз шаар» долбоору

Баракелде -  Бишкек шаарындагы 38 кесилиште «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында камералар орнотулган. Бирок бүгүнкү күндө борбордун 37 кесилишинде гана аппараттык-программалык комплекс иштеп жатат.

Мэриянын аппаратынын транспорт жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы Кубан Жусупов билдиргендей, Жибек жолу проспектиси менен Фучик көчөсүнүн кесилишиндеги камера жол оңдоо иштерине байланыштуу ишетей элек.

Шаардык кеңештин депутаты Элмир Досалиев («Республика—Ата Журт») «Коопсуз шаар» долбоору боюнча даттануулар тууралуу суроо берди.

«Бардык даттануулар Мониторниг борборуна түшөт, бизге тыгын боюнча түштү. Буга байланыштуу бир нече кесилиштерде тилкелерди көбөйтүп, жол чырактарды жөнгө салдык», - деди К.Жусупов.

«Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабына 110 аппараттык-программалык комплекс киргизилген. Бишкек шаарында — 42, Чүй облусунун жолдорунда — 48, ошондой эле 20 көчмө аппараттык-программалык комплекс бар.

Камералардын картасы бул шилтемеде

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком