18:47, 21 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Дамир Мусакеев 5 жылга кесилди

На русском
20:46, 24 бугу айы 2019 584
Дамир Мусакеев
Дамир Мусакеев

Баракелде -  УКМКнын 9-кызматынын мурунку башчысы Дамир Мусакеев 5 жылга кесилди. Бул тууралуу КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, Мусакеев СИЗО-1 мекемесине киргизилди. Сот отуруму Бишкектин Свердлов райондук сотунда жабык режимде өттү.

УКМКнын 9-кызматынын мурунку башчысы Дамир Мусакеевге карата кылмыш иши козголгонун 8-майда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирген.

«Жалпыга маалымдоо каражаттарында УКМКнын 9-башкармалыгынын мурунку башчысы Дамир Мусакеевге байланыштуу маалыматтар жарыяланып жатат. Авторлордун пикиринде Д.Мусакеев жетекчилердин орун басары жана 9-кызматтын башчысы болуп турганда алынганы айтылган мүлктөр дарегине чейин жазылган. Бирок алар жакындарына катталган», - деп айтылат расмий билдирүүдө.

Башкы прокуратура Мамлекеттик каттоо кызматындагы маалыматтарга таянуу менен билдирген маалымат: «Аталган мүлктөрдүн көпчүлүгү чындыгында 2010-2017-жылдары алынып, Д.Мусакеевдин жакын адамдарына (атасы, апасы жана аталаш тууганы) катталган. Алардын базардагы баасы 20 млн сомдон ашат».

Топтолгон материалдар 7-майда Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктундагы (мыйзамсыз баюу) кылмыш белгилер менен катталган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком