10:08, 23 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Жаш жигит 23 жаштагы кыздын колун кишендеп, жол тандабаска салып кеткен (шектүүнүн сүрөтү)

На русском
19:32, 24 бугу айы 2019 993
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Бишкектеги Биринчи май РИИБдин кызматкерлери тарабынан жаш кызды уурдоого шектелген жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

РИИБге М.Б. аттуу жаран (аял киши) арыз менен кайрылып, 20-майда саат 23:40 чамасында Түштүк-2 кичи районундагы үйдүн жанында 1996-жылы туулган сиңдисин күч колдонуп, унаага салып кеткен азиат түспөлүндөгү белгисиз адамга чара көрүүнү өтүнгөн. Анын арызында шектүү жаш кыздын колуна кишен салып, денесине жаракат келтирип, белгисиз үлгүдөгү жол тандабас унаага салып, белгисиз тарапка алып кеткени көрсөтүлгөн.

Бул факт Биринчи май РИИБ тарабынан Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексиндеги 170-берененин (адам уурдоо) негизинде катталды. РИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери ыкчам иштердин жыйынтыгында шектүүнү ошол эле күнү колго түшүрүшкөн. Шектүү — 1993-жылы туулган О.Б. убактылуу камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком