23:16, 22 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Улан Саляновдун өлүмү: Экинчи шектүү Москвадан алынып келди

На русском
18:26, 24 бугу айы 2019 816

Баракелде -  Россиядагы Москва шаарынан Бишкекке Улан Саляновдун өлүмүнө шектелген экинчи адам 22-май күнү аба транспорту менен алынып келди. Ал аталган шаардагы убактылуу кармоочу жайда камакта болчу.

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, шектүү — 1983-жылы туулган Асанэмир Абыкулов Бишкектеги №1 СИЗО мекемесине киргизилди. Ал Токмок шаарынын тургуну, буга чейин оор кылмыш жасаганы үчүн мамлекеттер аралык издөөгө алынган. Аталган жаран алдамчылыкка шектелип жана Кылмыш-жаза кодексиндеги (эски кодекс) 97-берене (адам өлтүрүү) боюнча изделип жаткан. Ал 2018-жылы ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Москва шаарында кармалган.

2017-жылдын ноябрь айында белгисиз 3 адам Аламүдүн районунун Көк-Жар конушундагы үйгө кирип, үй ээси — 1975-жылы туулган Улан Саляновду тапанча менен атып, окуя болгон жерден качып кетишкен. Салянов алган жаракатынан улам көз жумган.

«Аталган кылмыштын бетин ачуу үчүн ИИМдин ыкчам кызматкерлери комплекстүү ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Өткөн жылы январь айында Россиянын жана Кыргызстандын ИИМнин кызматкерлеринин биргелешкен иш-чараларынын жүрүшүндө Асанэмир Абыкуловдун жүргөн жери аныкталып, колго түшкөн. Ал эми экстрадиция маселеси Кыргызстан менен Россиянын Башкы прокуратуралары тарабынан чечилип жаткан», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин У.Саляновдун өлүмүнө шектелип 1986-жылы туулган Эрмек Осмонкулов кармалган болчу. Учурда Биринчи май райондук сотунда У.Саляновдун өлүмү боюнча кылмыш иш каралып жатат.

Ал эми үчүнчү шектүү — 1988-жылы туулган Заур Насруллаев Россиянын жараны. Ал өткөн жылы Россиядагы шаарлардын биринде кармалган. Учурда У.Саляновдун өлүмү боюнча козголгон иштин алкагында тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком