07:22, Үчтүн айынын он тогузу, 2020
21:00, Үчтүн айынын он сегизи, 2020216 Ак-Сууда жолбун иттер атылууда. Сүрөт
20:55, Үчтүн айынын он сегизи, 20201356 Гепатит кантип билинет? Ооруну алдын алабыз
20:11, Үчтүн айынын он сегизи, 2020131 Кыргызстандыктар көп чалдыккан оорулар

Айжан уюштурган студияда кыздар чет элдиктерге онлайн интим кызматын көрсөтүшкөн

На русском
10:16, Бугу айынын жыйырма беши, 2019 1256
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Бишкектин Биринчи май райондук соту Айжанга (аты өзгөртүлдү) карата козголгон кылмыш иш боюнча чечим чыгарды. Ал веб-студия уюштурууга айыпталганы соттун токтомунда айтылат.

Айжан порнографиялык продукцияларды таратып, веб-студия уюштурган. Андан кийин бөлмөгө эки кишилик керебет алып келип, анын бет маңдайына компьютерди монитор, веб-камера, колонка, клавиатура жана системалык блогу менен кошо орноткон. Кыздар ал жерде интернет аркылуу веб-камеранын жардамы менен чет элдик жарандарга интимдик кызмат көрсөтүп келишкен. Айжан кыздарды студияга кабыл алганга чейин өзү кызмат көрсөткөн.

Айыпталуучу сот отурумунда күнөөсүн толугу менен моюнуна алып, ишти соттук териштирүүсүз кароону суранды. Ошондой эле ал жаза белгилөөдө туура эмес иш-аракет жасаганын түшүнгөнүн эске алууну өтүндү.

Жыйынтыгында сот Айжанды күнөөлүү деп таап, 30 миң сом айып пул салды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком