10:09, 23 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Нарындык жигит «Лексус GХ-470» айдап, 2 тапанча менен жүргөн (сүрөт)

На русском
14:53, 24 бугу айы 2019 957

Баракелде -  Чүй ОИИБ менен Сокулук РИИБдин кызматкерлери уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармашты. ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, тиешелүү милиция кызматкерлери 25-апрель күнү Сокулук айылында жашаган Б. аттуу жигит мыйзамсыз ок атуучу курал сактап жүргөнү боюнча ыкчам маалымат алышкан.

Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ыкчам тергөө иштеринин алкагында шектүүнүн «Лексус GХ-470» үлгүсүндөгү унаасы Ново-Павловка айылында текшерилген. Ал унаанын ичинен 2 дана тапанча табылды. Куралдын номуру өчүрүлгөн жана үлгүсү белгисиз.

Ал эми унаанын ээси — Нарында 1989-жылы туулган Т.Б. куралды кайдан алып, эмне максатта сактап жүргөнүн түшүндүрүүдөн баш тарткан. Ыкчам тергөөнүн жүрүшүндө аталган жигит ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турганы белгилүү болуп, убактылуу камакка алынды.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылып жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком