08:46, 16 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Жогорку Кеңештеги бош мандат кимге берилет?

На русском
13:58, 23 бугу айы 2019 638
Айнура Аскарова
Айнура Аскарова

Баракелде -  Учурда Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынын бир мандаты бош. Ал Айнура Аскаровага берилиши мүмкүн.

Парламенттин депутаты болуп эмгектенип келген Айтмамат Назаров бүгүнкү жыйында сунушталган жаңы кызматка — «Улуттук энергетикалык холдинг компания» ААКтын башчысы болууга макул болгонун билдирди. Ал эми анын мандаты партиянын тизмесинде кийинки катардагы талапкерге берилиши керек.

БШК жарыялаган тизме боюнча «Кыргызстан» партиясынын тизмесиндеги кезектеги №51 орунда турган Таалайбек Ибраев тизмеден алынган (БШКнын 2015-жылдын 14-октябрындагы чечими). Ал эми А.Аскарова №52 орунда турат.

№50 орундагы Жаныбек Исаев 2018-жылдын 28-июнунда Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком