23:20, 22 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Убактылуу кармоочу жай курорт эмес»: Камактагы Шамил Атахановдун арыздануусуна жооп

На русском
18:54, 22 бугу айы 2019 167
Шамил Атаханов
Шамил Атаханов

Баракелде -  Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында укук бузулгандыгы тууралуу маалымат жалган, деп билдирди Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

ИИМдин билдирүүсүндө: «Бүгүн бир катар маалымат агенттиктерде камактагы Шамил Атаханов ИИМдин кызматкерлеринин иш-аракетине нааразычылыгын билдирген билдирүү жарыяланган. Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун директору Нурдин Сулайманов экс-вице-премьер-министрдин жактоочусунун кайрылуусу менен убактылуу кармоочу жайга барган. Ал прокуратурага даттануу арызын жибергенин жана жооптуу милиция кызматкерлери жазалана тургандыгын билдирген.

Шамил Атахановдун башка жарандар сыяктуу эле укугу бар жана жарандын конституциялык укугун тепселөөгө эч кимге жол берилбейт. Тилекке каршы, убактылуу кармоочу жай курорт эмес. Убактылуу кармоочу жайдын кызматкерлери тарабынан кармалган жарандын денесинде жаракаттар бар экендиги аныкталган учурда гана медициналык күбөлөндүрмөдөн өтөт. Убактылуу кармоочу жайга алып келгенде жана камерага киргизүүдө кармалган адамдын денесинде ар кандай жаракаттардын жоктугу текшерилет. Мындан тышкары нөөмөттөгү кызматкер тарабынан ден соолугунун абалы суралат. Ден соолугу начарлап же оорунун белгилери байкалган учурда тез жардам кызматы чакырылат.

Ошондой эле "жактоочусу менен жолугушуу жөнүндө талабын аткарбай коюшкан" деген билдирүүсү чындыкка дал келбейт. Жактоочуга кардарына таңкы саат алтыдан түнкү саат онго чейин каалаган убагында келип турса болорун түшүндүрүштү.

Камерада жууркан (одеял) жок болгону тууралуу маалымат жалган. Кармалган адам киргизилген камерада матрац жана эки жууркан бар болгон. Бүгүн дагы бир жууркан берилди. Дары-дармектерди жана жеке буюмдарды жумуш күндөрү саат 09:00дөн 19:00гө чейин берүүгө болот. Ошондуктан убактылуу кармоочу жайда укук бузулгандыгы жөнүндө тараган билдирүү чындыкка дал келбейт», - деп айтылат.

-----------------------------------------------------------------------

Кыйноолорду алдын алуу борборунун кызматкерлери Азиз Батукаевдин иши боюнча кечээ, 21-майда кармалган Шамил Атахановдун жактоочусунун кайрылуусунан кийин ага жолугуп келишкен. Шамил Атаханов жактоочусунан аталган борбордун кызматкерлери менен жолугушуу уюштурууну суранган. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда АКИpress агенттигине борбордун директору Нурдин Сулайманов билдирди.

Анын айтымы боюнча, борбордун кызматкерлери дароо Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына барып, Атаханов менен жолугушкан.

«Арызында Атаханов аны камоо жөнүндө токтомду 21-майда болжол менен саат 20:00дө алганын белгилеген. Андан кийин ал медициналык күбөлөндүрүүсүз убактылуу кармоочу жайга жеткирилген. Ал эки жолу инфаркт (жүрөк оорусу) болгондугуна байланыштуу медициналык күбөлөндүрүүнү талап кылган. Ошондой эле анын жактоочусу менен жолугуу талабы четке кагылган.

Атаханов жеңи жок күрмөчөн болгон. Ал эми камерада жууркан болгон эмес. Кийим-кечесин бүгүн, 22-майда гана алып келишти. 22-майга чейин анын медициналык күбөлөндүрүү талабы кабыл алынган эмес. Дары-дармек берүүдөн дагы баш тартышкан», - деди Сулайманов.

Кыйноолорду алдын алуу борборунун жетекчиси Шамил Атахановдун арызы прокуратурага жөнөтүлгөнүн билдирди. «Прокуратура бул арыз боюнча жооп берип, жооптуу милиционерлер жазага тартыларына ишенем», - деди ал.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком