07:43, 25 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Айсулуу Тыныбекова Италиядагы эл аралык турнирге катышат

На русском
18:08, 22 бугу айы 2019 142
Айсулуу Тыныбекова
Айсулуу Тыныбекова

Баракелде -  Кыргызстандын эркин күрөш боюнча кыз-келиндер курама командасы Италиядагы эл аралык «Memorial Matteo Pellicone» турнирине катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Аталган турнир 23-25-май күндөрү Сассари шаарында өтөт. Мелдешке кураманын 3 спортчусу — Айсулуу Тыныбекова (62 кг), Айпери Медет кызы (76 кг) жана Мээрим Жуманазарова (68 кг) машыктыруучу Нурбек Изабековдун жетекчилигинде катышат.

Кыргызстандык спортчулар 9-21-май күндөрү Куртан (Финляндия) шаарында машыгып келишкен болчу.

-------------------------------------------------------------------

Күрөш боюнча Азия чемпионаты быйыл Кытайда өттү. Анын алкагында Айсулуу Тыныбекова килем үстүнө 26-апрелде чыккан.

Ал 62 килограммга чейинки категорияда күч сынап, 1/4 финалда өзбекстандык Набира Эсенбаеваны 10:0 эсебинде жеңди. Андан кийин жарым финалда Тайланддын өкүлү Салин Срисомат менен күч сынашып, жеңишке жетишкен болчу. Ал эми финалда Айсулуу япониялык дүйнө чемпиону (U-23) — 22 жаштагы Юкако Каваи менен күч сынашты. Оюн Айсулуунун жеңиши менен аяктады.

Муну менен Айсулуу Тыныбекова — Азиянын 3 жолку чемпиону. Биринчи алтын байгесин 2016-жылы алса, экинчи жолу чемпиондук наамды 2017-жылы татыктуу ээлеген.

Ал эми Мээрим Жуманазарова быйылкы Азия чемпионатында коло медаль уткан.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком