Кыргызстандык шахматчылар Борбордук Азия чемпионатына катышат
На русском
14:04, 22 бугу айы 2019
176
Баракелде - Шахмат боюнча Кыргызстандын чемпиондору Тагир Таалайбеков менен Александра Самаганова Борбор Азиянын чемпионатына катышат. Аталган турнир 21-29-майда Өзбекстан өлкөсүнүн Ташкент шаарында өтөт.
Шахмат федерациясы билдиргендей, мелдеш швейцариялык система боюнча 9 тур менен болот. Турнирде эркектер арасында жана кыз-келиндер арасында жогорку упай токтогон жеңүүчүлөр Дүйнө Кубогуна катышууга жолдомо алат.
Эркектер арасында мелдешке 25 спортчу катышат. Кыргызстандык Тагир Таалайбеков өзбекстандык шахматчы менен күч сынай турган болду.
Ал эми кыз-келиндер арасындагы мелдешке 16 шахматчы катышат. Александра Самаганова дагы өзбекстандык спортчуга каршы ойнойт.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком