04:49, 19 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Өкмөт башчынын кичүү кызы Америкада окуйт. Буга чейинки маалыматта ката кеткен

На русском
12:21, 22 бугу айы 2019 740
Мухаммедкалый Абылгазиев
Мухаммедкалый Абылгазиев

Баракелде -  Премьер-министрдин басма сөз катчысы Адилет Султаналиев өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин кичүү кызынын окуган жери тууралуу маалыматта ката кеткенин моюнуна алды.

Буга чейин өкмөттүн басма сөз кызматы Абылгазиевдин балдары тууралуу маалымат тараткан.

«Премьер-министрдин улуу кызы Ажар Борбордук Азиядагы Америка университетинде окуйт. Ал эми экинчи кызы Саадат жана уулу Абир эл аралык "Ала-Тоо" университетинин студенттери болсо, кичүү уулу Кайрат бала бакчага барат», - деп айтылат маалыматта.

Бүгүн, 22-майда басма сөз катчы маалыматка тактоо киргизип, Ажар Америкада [басылмалардын маалыматы боюнча Diablo Valley College] окуп жатканын билдирди.

«Саадат чыгармачылыкка жакын болгондуктан Бишкек гуманитардык университетинин Европа цивилизациясы факультетин ийгиликтүү аяктап, ушул жылдын башынан бери Америкадагы колледжде окуп жатат. Ал санариптик медиа-искусство адистигин тандады, анимацияга кызыгат», - деди Адилет Султаналиев.

Ал премьер-министр дайыма ачык иштөөнү колдой турганын жана муну коомчулукка өзүнүн жакындары тууралуу маалыматты жарыялап тастыктаганын белгиледи.

«Бирок өкмөт башчынын мындай ачык позициясын пайдаланып, анын жакындары менен балдарына жеке жашоосундагы укугун унутуу менен зыян келтирүүдөн алыс болуу керектигин кошумчалагым келет. Биз мындан ары дагы коомду кызыктырган маалыматтарды билдирүүгө даярбыз. Бирок анын мамлекеттик ишмердүүлүгүнө көңүл буруу туура деп эсептейбиз», - деди катчы.

Diablo Valley College расмий сайтында чет өлкөлүк студенттер үчүн бир академиялык окуу жылына 23 миң 250 доллар акы төлөнө турганы көрсөтүлгөн.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком