06:01, 26 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Өкмөттүн аппарат жетекчиси Ш.Асымбеков кызматынан бошотулду

На русском
07:43, 22 бугу айы 2019 146
Шамил Асымбеков
Шамил Асымбеков

Баракелде -  Асымбеков Шамилбек Уметовичтин отставкасы кабыл алынды жана Өкмөттүн аппаратынын жетекчиси кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка кечээ, 21-майда президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев президент Сооронбай Жээнбековго Шамил Асымбековдун берген арызына ылайык аны ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө сунуштама киргизген.

Ошондой эле кечээ, 21-майда Өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары Марат Мукамбетов кызматынан бошотулган. Ага өз каалоосу менен жазган арызы негиз болгон.

Ал тууралуу буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

«Бул кадрдык чечим «КТ Мобайл» ЖЧКсынын жана улуттук уюлдук байланыш операторун түзүүнүн, Ачык өкмөт улуттук форумунун катчылыгынын жетекчилигинин ишмердүүлүгүнүн айланасындагы акыркы окуяларды эске алуу менен кабыл алынды», - деп айтылган өкмөттүн билдирүүсүндө.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком