01:58, 18 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кубатбек Боронов «Санариптик Кыргызстан» концепциясынын алкагында иш-чараларды тездетүүнү тапшырды

На русском
18:12, 21 бугу айы 2019 105
Совещание с участием К.Боронова
Совещание с участием К.Боронова

Баракелде -  Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «Санариптик Кыргызстан» концепциясын ишке ашыруунун алкагында иш-чараларды аткаруунун жүрүшү тууралуу кезектеги кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөт башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Санариптик трансформация иш-чараларын ишке ашыруу үчүн мамлекеттик органдарды каржылоо маселеси боюнча Каржы министрлигине жана Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине зарыл каражаттарын бөлүү боюнча тиешелүү чечим долбоорун өкмөткө тез арада киргизүү тапшырылды.

Ошону менен бирге «Санариптик Кыргызстан» концепциясынын алкагында «2019-жылга карата республикалык бюджет жөнүндө» мыйзам кабыл алуу учурунда Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы комитети тарабынан демилгеленген уюштуруу техникасын сатып алууга мораторийди алып салуу маселесин иштеп чыгуу тапшырылды.

Кубатбек Боронов Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине тесттик сыноолорду кыска мөөнөттө аяктоону жана кирүүчү-чыгуучу интернет трафикти эсепке алуу боюнча аппараттык-программалык комплексти киргизүүнү тапшырды.

Ошондой эле Экономика министрлигине, өкмөткө караштуу мамлекеттик салык кызматына бул маселени жөнгө салган укуктук-ченемдик актыны бекитүү чараларын ыкчам тартипте көрүү тапшырылды.

Мындан тышкары 2019-жылдын 1-июнуна чейин калган мектептерди интернет түйүнүнө кошууну аяктоо милдеттендирилди.

«656 мектепти кошууну аяктоо мөөнөтү ар кандай себептерден улам бир нече ирет жылдырылган. Учурда мектептерди интернетке кошууну аяктоо максаты турат. Ошол эле учурда биз бул багыттагы иштер жакшы жүрүшү керектигин көрүп турабыз. 168 мектеп интернетке кошула элек. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети, Билим берүү жана илим министрлиги жана «Кыргызтелеком» ААК бардык зарыл чараларды көрүүгө жана калган мектептерди белгиленген мөөнөттө кошууну аяктоого тийиш», – деди ал.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком