06:02, 26 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Чуркоо — менин жумушум»: Дарья Маслованын кезектеги жеңиши

На русском
16:00, 21 бугу айы 2019 122
Дарья Маслова
Дарья Маслова

Баракелде -  Кыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова Казакстандагы эл аралык жарым марафондун жеңүүчүсү болду. «Арманга жол 2019» марафону 19-май күнү Караганда шаарында өттү.

Дарья Маслова жеңиши үчүн 1 млн тенге (болжол менен 185 миң сом) менен сыйланды.

«Чуркоо — менин жумушум. Карагандадагы марафонго биринчи жолу катыштым. Өткөн жылы курбум чуркагандан кийин кызыгып калгам», - деди Маслова фиништен кийин.

Аталган марафондо кыз-келиндер арасында кыргызстандык жеңил атлетчи Мария Коробицкая 3-орунга ээ болду. Ал эми мырзалар арасында Жоодарбек Көчкөнбаев коло медаль тагынды. Ошондой эле Мария Коробицкаянын жолдошу Илья Тяпкин 4-орунду алды.

-------------------------------------------------------------------------------------

Дарья Маслова 11-майда өткөн Ысык-Көл эл аралык марафонунун жеңүүчүсү болгон. Ал 42 чакырымды 2 саат 21 мүнөт жана 36 секундда чуркап өткөн болчу.

Жөө күлүк Дарья Маслова эки жыл катары менен Тажикстандын Дүйшөмбү шаарындагы жарым марафондо жеңүүчү болгон. Кыргызстан, Эфиопия, Өзбекстан, Кения, Тажикстан, Америка жана Россиянын спортчуларынын арасынан Маслова биринчи келип, алтын медаль тагынды. Ал 21 км 97,5 метр аралыкты 1 саат 14 мүнөт 45 секундда чуркап өткөн. Д.Маслова эфиопиялык жөө күлүктөн 1 мүнөт 54 секунга, ал эми өзбекстандык спортчудан төрт мүнөткө эрте келген.

Ошондой эле ал 2017-жылы Дарья Маслова 5000 жана 1000 метр аралыкта чуркоо боюнча Азия чемпиону аталган. 2018-жылы Азия оюндарында 10000 жана 5000 метр аралыкта чуркоодо алтын менен күмүш медалга ээ болгон.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком