21:23, 13 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Өкмөт башчы жол эрежесин бузгандарга салынган айып пулдун өлчөмүн карап чыгууну тапшырды

На русском
11:46, 21 бугу айы 2019 1056
Мухаммедкалый Абылгазиев
Мухаммедкалый Абылгазиев

Баракелде -  Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрүп, жол кыймылынын эрежесин бузгандар үчүн айып пулдарды тууралоо маселесин изилдеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөт башчынын басма сөз кызматы билдирди.

«Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруунун алкагында бүгүнкү күнү жол эрежесин бузуулар жөнүндө 108 миң 137 токтом түзүлсө, анын 44,5 пайызы төлөнгөн.

Ошол эле учурда жол кыймылынын эрежесин бузуулардын ар башка түрлөрү үчүн негизинен 1000 сомдон 5000 сомго чейин жоопкерчилик белгиленген. Коомдо кооптуу унаа менен бейбаштык кылуу, уруксат берилген 60 км/с ылдамдыкты жогорулатуу, унаа каражатын мас абалда айдоо жана башка бир катар бузуулар боюнча бир кыйла катуу жоопкерчилик чаралар белгиленген.

2019-жылдын 1-январынан тартып айдоочулук күбөлүктү алып коюу тажрыйбасы жоюлуп, өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, бузуулар үчүн айып пулдарды кат алгандан кийин 15 күн ичинде төлөгөн шартта айып пулдардын өлчөмү 50 пайызга кыскарат.

Өкмөт башчы ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттарынын демилгесин көңүлгө алуу менен айып пулдардын өлчөмүнүн негиздүүлүгүн жана натыйжалуулугун карап чыгууну тапшырды. Анын пикиринде, өлкө аймактарында долбоордун кийинки баскычтарын ишке киргизүүнүн алдында долбоорду борбор шаарда ишке ашыруунун жыйынтыктарын тыкыр талдоо жүргүзүү жана келечекте бардык реалдуулуктарды эске алуу менен сапаттуу ишти камсыздоо зарыл.

Өкмөт башчы белгилегендей, бул маселени кароодо жарандардын пикирин көңүл чордонуна коюп, «Коопсуз шаар» долбоорун жүзөгө ашырууда келип чыккан маселелерди өзгөчө дыкаттык менен кароо зарыл. Ошондой эле айып пулдардын көлөмүн өзгөртүү боюнча негиздүү жана сапаттуу сунуштамаларды иштеп чыгуу үчүн бул маселени терең жана ар тараптуу изилдеп чыгуу керек.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, жол инфратүзүмүнүн жакшы эместигине байланыштуу маселелер жана жол кыймылын уюштуруу көйгөйлөрү жарандардын кызыкчылыгында жана масштабдуу долбоордун кийинки баскычтарын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн толук түрдө чечилүүгө тийиш.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком