18:40, 22 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Украинанын экс-президенти Петр Порошенко мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталды

На русском
10:09, 21 бугу айы 2019 201

Баракелде -  Украинанын экс-президенти Виктор Януковичтин кеңешчиси, президенттин администрация башчысынын орун басары кызматында мурун иштеген Андрей Портнов мамлекеттик териштирүү бюросуна өлкөнүн мурунку башчысы Петр Порошенкого каршы арыз бергендигин «Lenta.ru» басылмасы билдирди.

Портнов Порошенкону мамлекеттик чыккынчылыкка, бийликти кыянаттык менен басып алууга жана кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабууга күнөөлөп жатат. Ал кечээ, 20-майда Владимир Зеленский президенттик кызматына киришкен күнү арыз берген.

Апрелдин аягында Порошенкого каршы он кылмыш иши козголгон. Анын ичинде мыйзамсыз баюу, пара берүү, Украинанын коопсуздук кызматындагы жашыруун түрмөлөрдүн болушу жана башка айыптоолор бар.

Андрей Портнов 2014-жылы Киев шаарындагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин Украинадан чыгып кеткен. Ал Зеленскийдин жеңишинен кийин өлкөгө кайтуу ниетин жарыялаган. Ошондой эле 19-майда жаңы президент кызматка киришкенге чейин өлкөсүнө кайтып барган.

Ал шайланган президенттин командасы менен кызматташа тургандыгын «112 Украина» телеканалы билдирген. Бирок бул маселе боюнча расмий маалымат түшкөн эмес.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком