16:30, 26 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Barakelde.org: Кенан Айтач Ванда 20 гектарды ээлеген кыргыз этнокомплексин түптөдү

На русском
12:15, 21 бугу айы 2019 5603
Вандагы «Ата Журт» этнокомплекси
Вандагы «Ата Журт» этнокомплекси

Баракелде -  Рахманкул хандын жетекчилиги менен Ооганстандын Памиринен Түркияга бет алып, Улуу Памир айылын негиздеген этникалык кыргыздардын жашоосу көпчүлүктү кызыктырат. Кыргыздын улуттук баалуулуктарын, тилин, динин, маданиятын, каада-салтын бөтөн жерде сактап, муундан-муунга өткөрүп берүү оңой иш эмес.

«Баракелде» басылмасы Түркиянын Стамбул шаарында эмгектенип жүрүп, кыргыз маданиятын жандантуу үчүн кирешелүү жумушун таштап, кичи мекенинде «Ата Журт» этнокомплексин негиздеген Кенан Айтач тууралуу баяндайбыз.

Кенан мырза Ван көлүнүн жээгинде боз үй тигип, көчмөн маданиятын даңазалап келет.

«Ван провинциясынын Мурадийе районунда 20 гектар жерге «Ата Журт» этнокомплексин негиздедим. Менин сунушумду колдоп берген Мурадийе районунун акими Харун Йүжелге ыраазычылык билдирем. Учурда 20 гектар жер аянтына жаа атуучу, ат минүүчү жайларды уюштурганбыз. Атайын этностилде жасалгалап, кыргыз кийимдери менен сүрөткө түшүү, ат минүү, кыргыз музыкаларын угуу, кыргыз бийлерин көрүү, улуттук тамак-аштардан даам татууга бардык шарттар каралган. Комплексти толугу менен даярдап чыгууга жалпы 7 ай убактым кетти. Өзүм буга чейин Стамбул шаарында компьютердин жардамында графикалык оймо-чиймелерди жасап келсем, комплексти жасоо үчүн устачылык өнөрүмдү да пайдаландым.

Жалпы 7 боз үй даярдалган. 1 ай мурун ачылышын жасап, учурда конокторду кабыл алуудабыз. Улуттук тамак-аштан манты менен гана шорпо бар, мындан сырткары түрк элинин улуттук тамактарынан даам татууга болот. Дагы өркүндөтүүнү максат кылып жатам. Учурда келген элдин аягы үзүлбөйт. Кызыгып, башка шаарлардан келген туристтер да көп болууда. Биз мындай этнокомплекстерибиз аркылуу кыргыз маданиятын жайылтып, улуттук баалуулуктарыбызды сактап кала алабыз», - деди Кенан Айтач.

Убакыттын өтүшү менен Түркия мамлекетинде жашаган кыргыз жаштары тилин унуткарып, каада-салттары да өзгөрүүдө, дейт ал.

«Биздеги көйгөйдү айтсак четинен чыгат. Кыргыз тилин таза, так үйрөнүүгө кыргыз тилчи мугалимдер жетишпейт. Түркияга Кыргызстандан тилчилерди алып келгенибиз менен аларды да камсыздоо зарылчылыгы туулат. Негизи кыргыз-түрк бир тууган, тилибизде айрым эле айырмачылыктар болбосо, көп сөздөрүбүз окшошуп кетет. Түрк эли бизди абдан сыйлашат. Анткени түрк тилдүү элдер кыргыз атадан тараган деп билишет», - дейт Кенан Айтач.

Ал эми Түркияда билим алып жаткан алайлык Иманбек Азизилла уулу Кенан мырза менен Улуу Памир айылына болгон сапарында таанышып калган.

«Кыргыздардын Ванга жайгашканына дээрлик 40 жылга чукулдады. Бул аралыкта мыкты уул-кыздар чыгып, ийгиликке жете баштаган кез. Мисалы, Дижле университетинде окутуучу болуп иштеп жаткан түрколог Козубай Кутлу, Анатолия студенттик биримдигинин мурунку төрагасы, түрк тили жана адабиятчысы Бахит Йүжел, уюштуруучу Бүньямин Токер, мектеп мугалимдери, дарыгерлер жана башкалар.

Бул ысымдардан өзгөчөлөнүп турганы — Кенан Айтач. Жогорку билимге ээ болбосо да, жогорку бийиктиктерди багынткан ишкер. Көп жылдан бери чет өлкөдө жашап-иштеп жүрсө да, жүрөгү кыргыз деп сокконун жайнаган көздөрүнөн, жалындуу сөздөрүнөн байкоого болот. Ал колунан көөрү төгүлгөн уста.

Кенан кадимки Ван көлүнүн жээгине «Ата Журт» этнокомплексин курду. Ал жерде хан ордосу менен бирге түрк дүйнөсүнүн 7 боз үйү тигилген. Боз үйлөрдүн жанында боордош элдердин учурдагы жана тарыхтагы кагандыктарынын байрактарын көрүүгө болот. «Ата Журт» комплексинде этно стилдеги кийимдер, жаа атуу аянты, улак ойноочу аянтча бар. Мага эң жакканы көл жээгинде ат чабуу болду», - деди И.Азизилла уулу.

Кенан мырза устачылык менен гана чектелбестен, жаа атууда да мыкты. Кырчын жайлоосунда өткөн II Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына да катышып, эң алдыңкы жаачылардын бештигине кирген. Мындан сырткары тарыхый түрк сериалындагы каармандардын баш кийимин тигип берет.

«Мен жаа атуу жаатында профессионал эмес элем. Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна барып, өзүмдүн дараметимди сынап көрдүм. Натыйжа жакшы болду. Жыл сайын Кыргызстанга барып турам. Ал эми «Diriliş Ertuğrul» ("Воскресший Эртугрул") аттуу түрк сериалындагы каармандардын кийимдерин дагы буюртма аркылуу тигип берем. Мага негизинен баш кийимдерин тигип берүүгө буюртма беришет», - деди К.Айтач.

Кенан мырза учурда 35 жашта, 2 кыздын атасы.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком