23:32, 12 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Өкмөт башчынын бир тууганы министрликтеги баңгизатты көзөмөлдөө бөлүмүн жетектейт

На русском
16:12, 20 бугу айы 2019 (Жаңыланды: 17:50, бугу айы 20 2019) 535
Азизбек Абылгазиев
Азизбек Абылгазиев

Баракелде -  Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бир тууганы Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо департаментинин баңгизаттарды көзөмөлдөө бөлүмүн жетектейт. Бул маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматынан тастыкташты.

Расмий маалымат боюнча, Азиз Абылгазиев бул бөлүмдү 2017-жылдан бери жетектеп келет.

Буга чейин Азиз Абылгазиев тууралуу маалыматты Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков айткан болчу.

«Абылгазиевдин (өкмөт башчы М.Абылгазиев) бир тууганы Азиз Абылгазиев баңгизаттарды көзөмөлдөө бөлүмүн жетектейт. Дары-дармектердин сатылышы — дүйнөдөгү эң ири бизнестердин бири. Курамында баңгизат бар дары-дармек эң кымбат деп эсептелет», - деди Р.Момбеков.

Азиз Абылгазиев тууралуу маалымат:

- 1979-1980-жылдары — Кочкор районунун Дөң-Алыш айылындагы Комсомол совхозу— жумушчу;

- 1980-1982-жылдары – Россиянын Москва шаарында аскердик кызматын өтөгөн;

- 1984-1987-жылдары – Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Борбордук дарыкана кампасы – кабыл алуу бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

- 1987-1993-жылдары – Кыргыз мамлекеттик медициналык институт – студент;

- 1993 – Сокулук районундагы дарыканада – провизор;

- 1993-1994-жылдары – Борбордук дарыкана кампасы, Госконцерн «Кыргыз-фармация» – кабыл алуу бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

- 1994-1995-жылдары – Госконцерн «Кыргыз-фармация», Сокулуктун Манас айылындагы №217 дарыкананын башчысы;

- 1995-1998-жылдары – Сокулуктун Манас айылындагы «Бермет» жеке фирмасында директор;

- 1998-2003-жылдары – Бишкектеги фармацевтикалык инспекциянын бөлүмүндө башкы адис;

- 2003-2005-жылдары — «Медфарм» ЖЧКда директордун орун басары;

- 2005-2010-жылдары – Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча агенттигинде башкы инспектор;

- 2010-жылы – Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги Баңгизаттардын мыйзамдуу жүгүртүлүшүн көзөмөлдөө кызматында башкы адис;

- 2010-жылы – Лицензирлөө жана профилактика бөлүмүндө башкы инспектор;

- 2010-2013-жылдары – бөлүмдүн башчысынын орун басары;

- 2013-2017-жылдары — бөлүмдүн башкы адиси;

- 2017-жылы — Баңгизаттарды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком