20:00, 19 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы палестиналыктар менен беттешет

На русском
13:25, 20 бугу айы 2019 160
Кыргызстан - Палестина
Кыргызстан - Палестина

Баракелде -  Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамасы Бириккен Араб Эмираттарында болгон Азия Кубогунан кийинки биринчи оюнун өткөрөт.

Кыргызстандын футбол федерациясы билдиргендей, 11-июнда Бишкек шаарында машыктыруучу Александр Крестининдин алдында команда Палестинанын футболчуларына каршы беттешет. Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:00дө башталат.

Буга чейин Кыргызстан менен Палестинанын курама командалары бири-бири менен беш жолу оюн өткөргөн. Анда кыргызстандык команда 2 жолу, ал эми Палестина бир жолу жеңишке жеткен. Дагы эки оюн тең чыгуу менен аяктаган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком