18:35, 22 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Тажикстанда абактагы козголоңдон 32 адам каза болду

На русском
11:41, 20 бугу айы 2019 279

Баракелде -  Кечээ, 19-майда саат 20:30да Тажикстандын Вахдат шаарындагы «Кирпич зонасы» деген аталыш менен таанымал №3 абакта козголоң чыкты. Анын кесепетинен камактагы 29 адам, үч күзөтчү каза болду. Бул тууралуу Тажикстандын Юстиция министрлигинен билдиришти.

«Вахдат шаарындагы №3/2 түзөтүү абагында кармалган «Ислам мамлекети» террордук уюмунун 30 коркунучтуу кылмышкери абактан качып кетүү үчүн бычак жана кесүүчү буюмдар менен куралданып, абактын 3 кызматкерин барымтага алып өлтүрүшкөн», - деп айтылат маалыматта.

Тажикстандын жазаларды аткаруу кызматынын башчысы Мансуржон Умаров: «Козголоңдо абактын үч кызматкери менен абактагы 29 адам каза болду. Анын ичинен сегизин камактагы адамдар өздөрү өлтүрүшкөн», - деди.

Абактагы кызматкерлердин баш аламандыкты токтотуу жана мыйзамдуулукту сактоо өтүнүчүнөн кылмышкерлер баш тартып, абактан бошотууну талап кылышкан. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө абактагы адамдардын ортосунда куралдуу чыр-чатак чыккан. Андан кийин алар бычак жана учтуу буюмдар менен каршылык көрсөтүп, абактын кызматкерлерине жаракат келтиришкен.

Учурда абал турукташтырылып, көзөмөлгө алынды. Аталган окуя боюнча териштирүү иши жүргүзүлүп жатат.

«Кирпич зонасы» абагында болжол менен 1500 адам жазасын өтөйт. Анын ичинде Тажикстанга тыюу салынган «Хизб-ут-Тахрир» уюмунун, Тажикстандын ислам кайра жаралуу партиясынын өкүлдөрү, салафиттер бар.

Аталган абакта Тажикстандын белгилүү адамдары: Киёмиддин Гозиев, Абдусаттор Самадов, Абдукаххор Давлатов, Киёмиддин Авазов, Максуд Ибрагимов жана мурунку өнөр жай министри Зайд Саидов жазаларын өтөшөт.

Буга чейин 2018-жылдын 8-ноябрында Хужан шаарындагы абакта козголоң чыккан. Расмий маалыматтар боюнча 21 кылмышкер менен абактын эки кызматкери каза болуп, 5 күзөтчү жаракат алган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком