11:14, 19 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кечээ 13 айыл өкмөттө депутаттар шайланды

10:04, 20 бугу айы 2019 66
Выборы
Выборы

Баракелде -  Айрым айыл өкмөттөрдө кечээ, 19-майда жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, шайлоо участоктору жабылганда, тактап айтканда саат 20:00гө карата 25 229 шайлоочу добуш берди. Бул тизмеге кирген жалпы шайлоочулардын 46,05 пайызын түзөт.

13 жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоодо шайлоочулардын тизмесине жалпы 54 782 шайлоочу киргизилген.

Чүй облусу боюнча:

- Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинде 2321 шайлоочунун ичинен 856 шайлоочу добуш берди, бул 36,88%ды түзөт;

- Байтик айылдык кеңешинде 5705 шайлоочунун ичинен 3021 адам добуш берди, бул 52,95%.

Нарын облусу боюнча:

- Жумгалдагы Көк-Ой айылдык кеңешинде 1825 шайлоочунун ичинен 929 адам добуш берди, бул 50,90 %.

Талас облусу боюнча:

- Шекер айылдык кеңешинде 2968 шайлоочунун ичинен 1609 адам добуш берди, бул 54,21%;

- Бейшеке айылдык кеңешинде 3267 шайлоочунун ичинен 1855 шайлоочу добуш берди, бул 56,78%;

- Бакыян айылдык кеңешинде 2171 шайлоочунун ичинен 1252 адам добуш берди, бул 57,67%.

Ош облусу боюнча:

- Кеңеш айылдык кеңешинде 1890 шайлоочунун ичинен 905 адам добуш берди, бул 47,88%;

- Кабылан-Көл айылдык кеңешинде 1620 шайлоочунун ичинен 706 адам добуш берди, бул 43,58%;

- Отуз-Адыр айылдык кеңешинде 10 236 шайлоочунун ичинен 4222 адам добуш берди, бул 41,25%;

- Н.Исанов айылдык кеңешинде 9057 шайлоочунун ичинен 4207 адам добуш берди, бул 46,45%.

Баткен облусу боюнча:

- Самаркандек айылдык кеңешинде 6411 шайлоочунун ичинен 2292 адам добуш берди, бул 35,75%;

- Ак-Татыр айылдык кеңешинде 3460 шайлоочунун ичинен 1589 адам добуш берди, бул 45,92%;

- Ак-Сай айылдык кеңешинде 3851 шайлоочунун ичинен 1786 адам добуш берди, бул 46,38%.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком