00:54, 20 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Үч адамдын өмүрү кыйылды… Тажикстандык келин 2 баласы менен кошо сууга секирди

На русском
10:38, 19 бугу айы 2019 6316
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Тажикстандын Пенджикент шаарында жаш эне эки баласы менен дарыяга секирип кетти. Окуя 16-майда саат 15:00 чамасында болгонун «АП» басылмасына жергиликтүү органдардагы булак билдирди.

Болжолдуу маалымат боюнча, сууга секирген аялдын кызы 4 жашта, уулу 3 айлык болгон. Ал кайын ата-кайын энеси менен жашап, күйөөсү Россияда иштеп жүргөн. Ал күйөөсү менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин балдары менен кошо дарыяга секирген.

«Алгач аялдын, андан кийин уулунун денеси табылды. 4 жаштагы кыз изделип жатат. Ал эми маркумдун күйөөсү Россиядан келди», - деди булак.

Пенджикенттин прокуратурасынын маалыматына караганда, бул факты боюнча кылмыш иш козголуп, тергөө улантылып жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком