15:10, Бирдин айынын он жетиси, 2020
14:16, Бирдин айынын он жетиси, 202043 Эскертүү: Унаа жолдордо кар көчкү коркунучу бар
Учурда окулуп жатат
13:01, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (79 адам окуп жатат)
Блогер «Sydyman» камакка алынды
12:18, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (24 адам окуп жатат)
Ат-Башыдагы митингге атчандар дагы келишти. Сүрөт

Борбор Азияда жүрөккө алгачкы операцияны кыргыз уулу жасаган

10:24, Бугу айынын он сегизи, 2019 225

Баракелде -  Белгилүү окумуштуу, атактуу хирург, академик Ахунбаев Иса Коноевичтин 110 жылдыгы жана Борбор Азияда жүрөккө алгачкы жолу операция жасалгандыгынын 60 жылдыгы Бишкекте салтанаттуу белгиленди. 17-майдагы иш-чарага вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова да катышканын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн илимдин соңку жетишкендиктерин пайдаланбастан, медицинанын өнүгүүсүн элестетүү мүмкүн эмес, деди А.Өмүрбекова «Кардиохирургиядагы инновациялар: манжалык митралдык комиссуротомиядан жогорку технологиялык жабдуулар имплантацияларына чейин» эл аралык илимий-практикалык конференциясында сүйлөп жатып.

«Мен бул конференция ага катышкан кесипкөй дарыгерлерге жана белгилүү окумуштууларга маанилүү окуя болуп калат деп ишенем. Конференциянын алкагында мастер-класстарды, кардиологдордун мектебин, медициналык жармаңкелерди, илимий-практикалык сессияларды, эксперттик пикир алмашууларды өткөрүү сөзсүз түрдө ар бир катышуучунун билим казынасына жана тажрыйбасына баа жеткис салым кошууга тийиш », - деп белгиледи ал.

Ошондой эле бул конференция Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун түзүлгөндүгүнүн 15 жылдыгына арналган.

«Мындай иш-чаралар пикир жана тажрыйба алмашуу үчүн жакшы аянтча жана дүйнөнүн алдыңкы илимий-изилдөө борборлору жаңы иштеп чыккан эмгектер менен таанышууга шарт түзөт», - деп жыйынтыктады ал.

Конференциянын жүрүшүндө вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун директорунун илим боюнча орун басары Таалайбек Кудайбердиевге өкмөттүн ардак грамотасын тапшырды. Бул сыйлык ага атамекендик медицинаны өнүктүрүүгө жана илим изилдөөгө кошкон салымы үчүн ыйгарылды.

Эл аралык конференцияга Россия Федерациясынын, Германия Федеративдүү Республикасынын, Кытай Эл Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Израилдин жана башка бир катар өлкөлөрдүн белгилүү окумуштуулары жана дарыгерлери катышты.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком