18:54, 21 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сооронбай Жээнбеков Балыкчыдагы «Акылдуу шаар» жана «Коопсуз шаар» долбоорлору менен таанышты (сүрөт)

На русском
19:16, 17 бугу айы 2019 118

Баракелде -  Бүгүн, 17-майда Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Балыкчы шаарында «Акылдуу шаар» жана «Коопсуз шаар» долбоорлору менен таанышты. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын алкагында алдыда боло турган долбоорлор менен пландар талкууланды. Андан тышкары Балыкчы шаарынын мурдагы мэри, учурда мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Алмаз Мамбетов аталган долбоорлор боюнча презентация жасады.

Бул иш-чаралардын алкагында 2018-жылы башталган муниципалдык мүлктү инвентаризациялоо боюнча иштер аягына чыгып, географиялык маалыматтык системасынын негизинде маалыматтык автоматикалык системасын түзүү жана муниципалдык менчикти инвентаризациялоо боюнча иштердин комплекси ишке кирүүдө.

Программаны ишке ашырууга 3 миллион 375 миң сом сарпталган. Анын ичинен 1 миллион 580 миң сому Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан, калган акча каражаты жергиликтүү бюджеттен каралган.

2019-жылга карата санариптештирүү боюнча иш-чараларга 10 миллион сом каралды. Каржылоо булагы — Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду.

Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын» алкагында Балыкчыда айрым кызматтарды санариптештирүү боюнча төмөнкүдөй иштер аткарылат:

- Электрондук реестр, шаардын электрондук картасы түзүлүп, муниципалдык мүлк боюнча электрондук платформа иштей баштайт;

- «Акылдуу поликлиника» долбоору ишке ашат;

- Шаардык бейтапканада «электрондук кезек» системасы киргизилет жана электрондук кезекке тиешелүү терминалдар бейтапканада орнотулат;

- 2019-2020 окуу жылынан тартып шаардын мектептеринде электрондук күндөлүк системасы киргизилет жана окуучунун социалдык паспорту түзүлөт;

- Шаардык бейтапканада жана ооруканада электрондук амбулатордук карта системасы киргизилет;

- Электрондук муниципалитет долбоорунун алкагында Балыкчы шаарынын мэриясына келип түшкөн арыздарды, иш кагаздарды электрондоштуруу планга киргизилет;

- Аталган багыттар боюнча тиешелүү техникалык тапшырыктар түзүлүп, жакында тендер жарыяланып, иштер аткарыла баштайт.

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында шаарга эки типтеги видеокамералар коюлду. Биринчис — аппаратттык-программалык комплекстин негизинде айып пулдарды салуу боюнча камералар. Ал эми экинчиси — жол эрежесин бузууларды каттаган камералар.

Мындан тышкары, коомдук коопсуздуктун максатында шаарга 38 чакырым опто-волокондук кабель орнотулуп, 84 видеокөзөмөл камералары коюлду. Алар чоң жолдордун кесилишинде жайгашып, Балыкчы шаардык милиция бөлүмүндөгү абалды анализдөөчү борборго онлайн түрүндө видеону көрсөтүп турат. Видеокөзөмөл аркылуу бүгүнкү күндө 19 кылмыш иши ачылды.

Сооронбай Жээнбеков санариптештирүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу учурдун негизги талабы экендигин айтып, санариптештирүү боюнча ушул жана башка долбоорлорду бардык региондорго жайылтуу зарылдыгын белгиледи.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком