03:35, 18 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Президент катары коррупцияга каршы күрөштүн башында мен туруп берем, - С.Жээнбеков

На русском
10:48, 17 бугу айы 2019 422
// Президенттин басма сөз кызматы

Баракелде -  Президент Сооронбай Жээнбековдун Ысык-Көл облусуна болгон иш сапары уланууда. Ал кечээ, 16-майда Ысык-Көл районундагы Чоң-Өрүктү айылына, Түп районуна барган.

«Коррупция менен күрөш токтобойт — уланат. Бул күрөштө бир гана президенттин алы жетпейт. Менде эрк бар — президент катары бул күрөштүн башында мен туруп берем. Бирок муну каалабагандар дагы бар», - деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков 16-майда Түп районунун жашоочулары менен болгон жолугушууда.

«Үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы дегендей, чоң акырдан жем жеп калгандар мындан айрылгысы келбейт. Жалпы эл, баарыбыз жапырт көтөрүлүп, каршы тура баштаганда гана коррупция токтойт. Коррупцияга аралашкан кандай чиновник болбосун, кайсы бийлик бутагы болбосун жоопко тартылат. Жергиликтүү бийлик органдары, укук коргоо органдары — силерге айтаар сөзүм: "Мен сага тийбейм, сен мага тийбе" деген мамиле менен жүрүп жатасыңар. Коркпой, мындай көрүнүштөр менен ачык күрөшкүлө. Андай кылбасак, мамлекетибизге, элибизге келечекте кыйын болот», - деп белгиледи мамлекет башчысы.

Ал мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө муктаж болгон адам менен мамлекеттик чиновник беттеше баштаганда коррупцияга жол берилип жатканын жана экөөнүн ортосунда байланыш болбой турган система ишке кире турганын айтты.

«Ошондо, биринчиден бюрократия жок болот, экинчиден коррупция жоюлат», - деп баса белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком