18:43, 22 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Евровидение-2019» сынагында финалга өткөндөр белгилүү болду

На русском
10:09, 17 бугу айы 2019 252

Баракелде -  Кечээ, 16-майда Израил өлкөсүнүн Тел-Авив шаарында «Евровидение-2019» ыр сынагынын экинчи жарым финалы болуп өттү. Анын жыйынтыгында Россия, Түштүк Македония, Нидерланды, Албания, Швеция, Азербайжан, Дания, Норвегия, Швейцария менен Мальта өлкөсүнүн катышуучулары финалга өтүштү.

Ал эми Армения, Ирландия, Молдавия, Латвия, Румыния, Австрия, Хорватия, Литва өлкөсүнүн өкүлдөрү сынактан четтеп калышты.

Мындан тышкары биринчи жарым финалда Греция, Белоруссия, Сербия, Кипр, Эстония, Чехия, Австралия, Исландия, Сан-Марино менен Словения өлкөсүнүн ырчылары финалга өтүшкөн.

Быйылкы жылы «Евровидение» сынагы 14-майдан баштап, 18-майга чейин Израилдин Тел-Авиа шаарында өтөт. Ал эми 2018-жылы аталган конкурс Португалия өлкөсүндө өткөн болчу.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком