10:49, 12 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Өкмөт башчы суу ресурстары боюнча мамлекеттик орган түзүү сунушун киргизүүнү тапшырды

На русском
08:00, 17 бугу айы 2019 174
Кубатбек Боронов жана Мухаммедкалый Абылгазиев
Кубатбек Боронов жана Мухаммедкалый Абылгазиев

Баракелде -  Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгы алдында кечээ, 16-майда Суу боюнча улуттук кеңештин жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө Суу кодексин жүзөгө ашыруунун жол картасын иштеп чыгуу маселелери талкууланды. Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүнкү күндө калкты, айрыкча өлкө аймактарын ичүүчү таза жана сугат суусу менен толук кандуу камсыздоо маселеси курч турат.

Анын айтымында, эл аралык изилдөөлөргө ылайык, дүйнөдө жыл сайын суунун кору азайып бара жатат, буга байланыштуу аларды сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу зарыл. Премьер-министр президент Сооронбай Жээнбеков бардык аймактардын жарандарын ичүүчү таза жана сугат суу менен камсыздоо маселесине артыкчылыктуу маани берерин кошумчалады.

Жыйында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу Суу чарба жана мелиорация департаментинин директору Кокумбек Таштаналиев жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү тиешелүү баяндама жасашты.

«Суу ресурстары ар бир өлкө үчүн баасы жок байлык, ошондуктан биз аны этият жана рационалдуу пайдаланууну камсыз кылууга тийишпиз. Бул маселени комплекстүү чечүү жарандардын жашоо шартын жакшыртып, айыл чарбасын өнүктүрүүгө шарт түзөт», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр белгилегендей, суу объекттерин жана инфратүзүмүн реконструкциялоого тартылган каражаттарды натыйжалуу пайдалануу өзгөчө маанилүү. Өкмөт башчынын айтымында, эл аралык жана финансылык институттар бул жааттагы реформаларды илгерилетүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр. Мындан тышкары ал суу ресурстарын башкаруу, аларды пайдалануу жана коргоо боюнча тартылган мамлекеттик органдар арасында координацияны күчөтүүнү тапшырды.

Өкмөт башчы ошондой эле суу ресурстары боюнча мамлекеттик орган түзүү жана Суу боюнча улуттук кеңештин курамын кайра карап чыгуу, ага эксперттик коомчулук өкүлдөрүн кошуу сунуштарын киргизүүнү тапшырды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком