08:01, 26 бугу айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Куда пойти? Булбул

Казакстанда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чара өттү

20:27, 16 бугу айы 2019 32

Баракелде -  

Кечээ, 15-майда Казакстан өлкөсүнүн Нур-Султан шаарында Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Жээнбек Кулубаев жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган тегерек столго жана «Тоолордун жана талаалардын жолугушуусу» аттуу көргөзмөнүн ачылышына катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган иш-чарада Казакстан элинин ассамблеясынын төрагасынын орун басары Жансеит Туймебаев, Нур-Султан шаарынын акиминин орун басары Ерлан Каналимов, Л.Н.Гумилев атындагы окуу жайдын окутуучусу Мырзатай Жолдасбеков, жазуучу Роза Айтматова Ч.Айтматов жөнүндө ойлору менен бөлүшүштү.

Тегерек столдун катышуучуларынын бирдей пикири боюнча, Чыңгыз Айтматов — бүткүл түрк элинин жалпы адабий мурасы жана сыймыгы болуп саналат.

Өз кезегинде элчи сөз сүйлөп, жаш муунду Ч. Айтматовдун адабиятына жакындаштыруунун, ошондой эле Кыргызстан менен Казакстандын боордош элдеринин ортосундагы маданий байланышты бекемдөөнүн зарылдыгын баса белгиледи.

Андан тышкары ошол эле күнү №79 мектеп-гимназияда Ч.Айтматовдун музейинин ачылышына катышты. Мектептин окуучулары тарабынан музейдин ичинде фотокөргөзмө, жазуучунун китеп көргөзмөсү уюштурулду. Элчиликтин атынан музейдин фондуна Ч.Айтматовдун чыгармалары белек катары берилди.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком