18:45, 21 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Владимир Зеленский кызматына качан киришет?

На русском
23:33, 16 бугу айы 2019 131
Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

Баракелде -  Украинанын Жогорку Радасы жаңы шайланган президенттин инаугурациясынын күнүн белгиледи. Владимир Зеленский 20-майда расмий түрдө президенттик кызматына киришет. Тиешелүү токтом бүгүн 315 депутаттын добушу менен кабыл алынганын segodnya.uа басылмасы жазды.

Президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы 30-апрелде жарыяланган болчу. 1-турдагы добуш берүүнүн жыйынтыгы менен шоумен Владимир Зеленский (30, 24%) алдыга чыкса, андан кийинки орундарды Петр Порошенко (15, 95%), Юлия Тимошенко жана Юрий Бойко ээлеген. Экинчи турда Владимир Зеленский шайлоочулардын 73% добушуна ээ болсо, ал эми Порошенко 25% добуш топтогон.

Жаңы президент тууралуу кызыктуу фактылар:

- бою 166 сантиметр;

- 2008-жылы «Viva!» журналы Владимир Зеленскийди Украинадагы эң келишимдүү мырза деп тапкан;

- саясатта тажрыйбага ээ эмес;

- окуучу кезинде грек-рим күрөшү, оор атлетика менен машыккан;

- учурда болгону 41 жашта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком